www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беларус президенти Александр Лукашенко чет элдик маалымат каражаттарын жана алар таандык болгон мамлекеттердин расмий адамдарын сындап, элди “майданга чыгууга чакырган” журналисттерди өлкөдөн чыгарууга үндөдү. Бул тууралуу "БелТА" мамлекеттик агенттиги жазып чыкты.
23-июлда Минскидеги жыйында сүйлөп жатып президент аткаминерлерди өз ишин жакшы аткарып, элге болуп жаткан окуяларды жакшырак түшүндүрүүгө чакырды.
Лукашенко асыресе "Би-Би-Си", "Эркин Европа/Азаттык" радиосун жана Интернет сайттарды сындады жана журналисттерди "массалык башаламандыкка үндөп жатышат" деп айыптады.
“Шайлоо кампаниясынын аякташын күтпөй, алар мыйзамдарды урматтабаса, майданга чакырышса, өлкөдөн чыгарып жибергиле”, - деди беларус мамлекет башчысы.
Булак: NazarNews.kg