www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 8-мартта болуп өткөн Аялдардын эл аралык күнүндө «Аялдардын шериктештик маршы» тууралуу коомчулук каршы пикирин билдирүүдө. Бирок арасында бирин-серин аларды колдогондор дагы жок эмес. Ал эми "Азаттыктын" кабарчысы Ыдырыс Исаков гейлерди ачык колдоп чыккан видеосу социалдык тармактарга тарап кеткен. Бул тууралуу журналист Баяна Кулова Ыдырыс Исавковдун гейлерди колдоп чыккан видеосун өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына сындап жазып чыкты.

"Урматтуу Ыдырыс Исаков!

Сиз дей албайм сени... бул сенин сөзүң эмес, АЗАТТЫКТЫН СӨЗҮ!! БОЛБОСО САГА АНЫК ЖИН ТИЙДИ!

Акылың менен бол, бүт журналисттерге көө жаппай. Кечээки кайрылууңда ыйык пайгамбар болуп, сөөгү ыйык Сулайман тоодо жаткан Бабурду гей болгон депсиң. Жаза албай жарым сааттан бери калчылдап олтурам, кантип оозуң барды ушуну айтууга? Ыйык калпа, пайгамбар, сөөгү сөпөт болуп кеткен Бабурдун гей экенин сен кайдан билдиң? Ал жашап өткөн доордо же сен бар белең? Кошо жашадың беле?
Мээңди Батыш соолутуп койгону анык окшойт. Башка киши айтса мейли, ошол Бабур мекендеген Ошто төрөлүп өстүң эле го, айланайын Кудай, сендей айбанды кайсыл шордуу эне төрөдү экен? Өзүң алыска кеткен менен ата-эне туугандарыңа эл эмне деп атты экен? Ал байкуштар бүгүн эшикке чыга албай калышкандыр...

Экинчиден Чубак ажы жөнүндө. Ажыке экөөбүздүн деле пикирибиз көп жерден келишпейт. Бирок анын көп китеп окуганына шек келтиргидей сен кимсиң өзү? Сен экөөбүз анын акылынын алдында чамынды болуп калабыз, кечирип кой. Ал деле пенде жаңылып жазып сүйлөп алганы болбосо, ал алган билимдин чекесин ала элекпиз. Алсак пайгамбарларга бирибиз сөз тийгизип экинчибиз кеп кайрыбай Аллахга шүгүр кылып жашайт элек.

Жөө жүрүштөгүлөрдү коргогондон айланасыңбы? Аягың сай таппай, мекениңе келүүгө зар болуп, алыста жүрүп.

Бабурга сөз тийгизип алып кереметтүү, касиеттүү Ошто кантип жашайм, кантип кайрылып келем, пайгамбардын арбагын козгоп, ГЕЙ деп алып кантип басып жүрөм ата-эне, бир тууган, уул-кызым кантет дебедиңби? ...

Жоругуң жолдо калсын!", - деп жазган Баяна Кулова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости