www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НАТОнун Брюсселдеги штаб-квартирасынын кызматкери Италиядагы эс алуудан кийин коронавирус оорусун жуктурду. Бул тууралуу  «Lenta.ru» НАТОнун сайтына шилтеме берип, билдирди.

 “Биз НАТОнун Брюсселдеги штаб-квартирасында иштеген бир кызматкер анализ тапшырганын жана андан коронавирус чыкканын тастыктайбыз”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда кызматкер үйүндө изоляцияга алынган. НАТО жагдайга туруктуу көз салынып, керектүү чаралар көрүлүп жатканын белгиледи.

Маалым болгондой изоляцияга алынган адам жакында эле Италиянын түндүгүнөн келген. Ал вирустун биринчи белгилерин жуманын аягында сезип, аны текшерип чыгышкан.

“Учурда кызматкер үйүндө изоляцияга алынды. Анын анализи чыгаары менен коллегаларына маалымат таратылды. Алар жуманын аягында үйүнөн иштешен жана дагы деле үйүндө иштөөнү улантып жатышат”,- деп НАТОнун басма сөз кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, дүйнө жүзү боюнча коронавирусту жуктургандардын саны 105 588 адамга жеткен. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму маалымдагандай коронавирус 102 өлкөгө тарады.

Акыркы суткада вирус Болгария, Коста-Рика, Молдовия, Француз Гвиан, Мальдивы, Мальте, Фарарерск аралында жана Мартиник кариб аралына жеткен.  

Ошондой эле коронавирустун биринчи белгилери Албанияда дагы катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости