www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргызстанда 8-март Аялдардын эл аралык күнүндө «Аялдардын шериктештик маршы» өтө турган митингде  аялдардын укуктарын, гендердик теңдик жөнүндө маалыматтар айтылышы керек эле. Тилекке каршы ал митингде туура эмес, кыргыздын үрп каада-салтына туура келбеген ураандар жазылыптыр. Учурда социалдык тармактарда ар кандай сын-пикирлер жазылып жатат. Мен аларга каршымын! Кыргыз деген улутту жоготпошубуз керек! Эгерде аларга Кыргызстан жакпайбы, өлкөдөн чыгып кетсин! Ак калпакчандар туура кадам таштады. Менин угушума караганда эртең, 10-мартта ЛГБТнын өкүлдөрү саат 12.00дө митинг, марш  кылабыз деп жатышат экен. Мага жеткен так маалыматтарга таянсак, ал жакка улутчул кыргыз жигиттери даярдык көрүп, ЛГБТнын өкүлдөрү менен кагылышууга дайын. Эми алар калпагы жок, маскасы жок келишет, анткени алар баардык нерсеге даяр»,- деди NazarNews.kg маалымат агенттигине активист Аскат Тейит.

"Кыргыздар, демократияны унутушу керек! Демократия мамлекеттин жок болушуна алып келген ураан.  Демократия деген эмне? Демократия тууралуу атактуулар эмне дейт, сарасеп салып көрөлү? Демократиянын бардык идеялары жалганга аралашкан. Байыркы Греция, байыркы Рим- демократия алгачкы пайда болгон өлкөлөр, ошону менен бирге анын классикалык өкүлдөрү кул ээлеген жырткычтар болгон. «Эл», «жарандар» деген терминдер өлкөнүн жалпы калкынын эң эле аз сандагы элита чөйрөсүндөгү адамдарга тиешелүү болгон. Демократиялык идеялардын ишке ашышы сапатка караганда сандык бийликтин үстөмдүк кылганын билдирет. Түркөй бийлик көп кылымдык элдик идеалды абсурддук кырдаалда жакшылык менен жамандык, чындык жана адилеттүүлүк түшүнүктөрүн арифметикалык көпчүлүктүн добушу менен жашыруун түрдө чеберчилик менен башкарууга аракет кылат. Өзүнүн диндик жана адеп-ахлактык умтулуусуна өзү жооп бере алган, жалпы улуу улуттук идеялары бар болсо жана өз жашоосунда чоң максаты-сандык механикалык принциптен баш тартып, сапаттуу, рухий башталышка басым жасайт», - деп жазган Митрополит Иоанн. Мээси бар инсан ушул кишинин сөзүн дыкаттык менен ойлонсо болот. Ал эми эртең ЛГБТнын өкүлдөрү митингке чыга турган болсо аларды кыргыз жигиттери сазайын колуна берет»-дейт Аскат Тейит.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости