www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 8-мартта болуп өткөн Аялдардын эл аралык күнүндө «Аялдардын шериктештик маршы» тууралуу коомчулук каршы пикирин билдирүүдө. Бирок арасында бирин-серин аларды колдогондор дагы жок эмес. Ал эми бийликтеги депутаттардан «Бир бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов кашыктап жыйнаган “аптариятын”, чөмүчтөп төгүп алды.

Депутат Алтынбек Сулайманов:«Ассаламу алейкум, урматтуу мекендештер! Биз кыргыздын жигиттери кечээ күнү 8-март Аялдардын эл аралык майрамы менен кыздарыбызды, энелерибизди, жалпы аял затын кызуу куттуктап жаттык. Ошол мезгилде борборубузда болгон окуяны көрүп аябай зээним кейиди. Качан кыргыздын жигиттери башына калпак кийип, бетин бет кап менен жаап, сабады эле? Мындай көрүнүш, менимче, бул-жапайычылык, сабатсыздык, алсыздык. Кыргыздын жигиттери элин, жерин, кызын коргогон. “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде” дейт. Урматтуу жигиттер, көзүңөрдү ачкыла! Жасаган иштериңер такыр туура эмес. Жигит деген, мырза деген, эркек деген андай болбойт. Алсыздарга, назиктерге кол көтөрүү бул-алсыздык. Жигит деп, кыргыздын мырзасы деп айтышка оозум барбайт. Ал жигиттер алсыздар. Кыйын болсоңор, бетиңердеги бет капты чечип келгиле, сүйлөшөлү!»,-деген билдирүүсү социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып, шылдыңга алынды.

Эске сала кетсек, депутат Алтынбек Сулайманов, буга чейин дагы Ош базарына барып, манты жеп, андан кийин топ ойноп, кыскасы акыркы күндөрү алапайын таппай турган кези…Эми кыргыз элинин каада-салтына туура келбеген 8-марттагы митингке пикирин айта коемун деп жемеден-жемеге калды. Анчалык суйкайган Сулайманов кыйын экен, 2-марттагы Садыр Жапаровду колдоо митингинде ак же көк деп айтып койсо, «иии бечара ушул жигит «акты ак, көктү көк», деп айтат дейт болчук.

Алтынбек мырза, «иливой» эле адам калпакты башка кийип кое берет, калпактын ичине сарасеп жүргүзүш керек го, же «шайлоочуларыңызга» ишенип алдыңызбы? Эсиңизде болсун, кыргыз эли эч качан ЛГБТга жол бербей тургандыгын унутпаңыз…Сиз ойногон шахмат модадан калып, картанын «королу» колдо экенин унутпаңыз эл өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости