www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байкоочулар өлкөнүн аймактарына кетти

«Жалпы иш» коомдук фонду бүткүл өлкө боюнча шайлоо алдындагы мезгилге, шайлоо күнү жана шайлоодон кийинки мезгилге байкоо жүргүзүү үчүн 58 узак мөөнөттүү байкоочуларды окуудан өткөрүп, региондорго жөнөттү.

Узак мөөнөттүү байкоочулар шайлоо комиссияларынын түзүлүшүнө жана иштешине, шайлоо алдындагы үгүт кампанияларына, шайлоочулардын тизмелеринин түзүлүшүнө байкоо салып, ошондой эле шайлоо процесси учурунда мүмкүн орун ала турган мыйзам бузууларды катташат.

«Байкоочулар өз округдарында шайлоочулар, талапкерлер, шайлоо комиссиялары жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен түздөн-түз байланышуу аркылуу жана социалдык тармактардан маалымат чогултушат. Эгерде байкоо жүргүзүү учурунда алар кандайдыр бир мыйзам бузууларды тапса, аларды каттап, фонддун эксперттик бөлүмүнө жөнөтүшөт. Эксперттер өз учурунда ал маалыматты текшерип, тиешелүү органдарга жөнөтүшөт», - деп билдирди фонддун жетекчиси Аида Суйундуева.

Байкоочулар чогулткан маалыматты талдоо жүргүзгөн «Жалпы иш» коомдук фондунун эксперттик бөлүмүнө жума сайын отчет түрүндө жөнөтүп турушат.

Фонддун Башкы кеңсесинин эксперттери узак мөөнөттүү байкоочулардын катарында эле Борбордук шайлоо комиссиясынын жана анын жумушчу топторунун ишине байкоо жүргүзүшөт. Байкоочулардын ишинин жыйынтыгы шайлоо алдындагы мезгилге байкоо жүргүзүү тууралуу отчетуна киргизилип, 2021-жылдын 5-январында коомчулукка тартууланат.

Отчеттун максаты – шайлоо алдындагы мезгил тууралуу объективдүү, толук жана калыс маалымат берүү болуп саналат.

Шайлоого мониторинг жүргүзүү «Жалпы иш» коомдук фонду тарабынан «2021-жылы 10-январында Кыргыз Республикасында мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүү» долбоорунун алкагында ишке ашырылып жатат.

«Жалпы иш» коомдук фонду – Кыргыз Республикасындагы шайлоолорго мониторинг жүргүзүү, жарандык билимдин деңгээлин жогорулатуу долбоорлорун ишке ашыруу, жарандардын өлкөнү башкаруу процесстерине активдүүрөөк катышуусуна жардам көрсөтүү үчүн түзүлгөн коммерциялык эмес уюм.

Фонддун миссиясы - аралашуу, дискурс жана коомдук көзөмөлгө катышуу менен өлкөдө кабыл алынган чечимдердин сапатына таасир этүүчү мүмкүнчүлүктөрдү жарандарга түзүп берүүгө көмөктөшүү.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости