www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда «Көзү ачыктар таймашы» шоусунун жеңүүчүсү Ирина Игнатенконун кичинекей кызга карата жасаган ырымы талкууга алынды. Анын ыйлап жаткан кызга жасаган ырымы видеого тартылып, интернетке тараган.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына ылайык, ырым жасалган бала болжол менен 3-4 жашта. Аны эки чоң киши колу, бутунан кармап турушкан. Кыз ачуу кыйкырып, ыйлап, деми кысылып жатканына карабай Игнатенко бир нерсени түтөтүп, баланын оозун жапкан. Ырым аяктагандан кийин Игнатенконун буйругу менен баланы кармап тургандар бөлмөдөн чыгып кетишкен.

«Жиндерди кууп чыкканы» үчүн экстрасенс баланын ата-энесинен 60 миң рубль алган», - деп жазылат маалыматта. Бул көрүнүштү Орусиянын тергөө комитети жана балдар акыйкатчысы, жактоочу Сталин Гуревич «балдарды кордоо» деп баалап, текшерүүгө алууга чакырган. Орусиянын Ички иштер башкармалыгы бул боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатканын кабарлаган.

Ал эми экстрасенс дайыма эле «жиндерди кууп чыгара» бербесин, алгач ал бейтаптын дартынын тарыхын кылдаттык менен карап чыгарын, андан кийин гана чечим чыгарарын айткан. Айрым учурда Ирина Игнатенко жардам сурап кайрылгандарды медициналык мекемелерге жиберерин дагы билдирген. Ал «жин чыгаруу» ырымынын коркунучу жок экенин кошумчалаган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости