www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мечиттеги жаңжал киши өмүрүн алды

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунда мечиттеги жаңжалда бир адам көз жумду.

Окуя 22-декабрда эртең менен Шерабад районундагы чоң мечиттердин биринде болгон.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасы кабарлагандай, жаңжалда мечиттин хатиби бычакталган.

Баштапкы маалыматтарга караганда, жергиликтүү тургун мечит кызматкери менен сөз талаша кетип, жанында көтөрүп жүргөн бычакты ага сайып жиберген.

Жабыркаган дин кызматкери ооруканага жетпей каза болгон. Окуя Кылмыш кодексинин 97-беренеси ( "Атайлап киши өлтүрүү") менен иликтенүүдө. Шектүү кармалып, сурак берип жатканы кабарланды.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости