www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда саясий кырдаал 2021-жылы жазында кескин өзгөрөөрү, алдыдагы шайлоо кандай өтөөрү тууралуу жана 18 талапкердин ичинен 5 гана (А.Мадумаров, К.Исаев, С.Жапаров, И.Ташов, А.Сегизбаев) талапкерге токтолуп, алар жөнүндө белгилүү орусиялык астролог Светлана Драган «Говори ТВнын» түз эфиринде айтып берген.

Астролог 18 талапкердин бешөөнө гана токтолгон. Мадумаровдон баштап, Сегизбаевден бүтүргөн. Драгандын айтымында, алдыдагы президенттик шайлоо эч кандай мааниге ээ болбойт. Кыргызстандагы саясий кырдаал 2021-жылдын жазында кескин өзгөрөт.

«Абдил Сегизбаев өтө кызыктуу фигурант. Ал өзүн жеке керт башын ойлогон адам катары көрүнүп жатат. Айланасындагы бардык нерселер ал үчүн гана бүт дүйнө жалгыз өзүнө тиешелүүдөй кылып кургусу келген инсан. Ата-мекен, туулган жер ал үчүн тек гана киреше алып келүүчү булак болуп саналат. Саясий оюнда анын кадамдары катаң жана төбөкелчиликтүү иштерге басым жасайт. Анда дипломатиялык касиет, эрк жок, өзүн-өзү башкаруусу бир топ оор.

Курган куйтурку саясий оюндарын анын кандай фигурант экенинен кабар берет. Ал эми анын башындагы сценарийи өтө кооптуу.

Ошол эле учурда анын азыркы абалы да кубандыраарлык эмес. Ал эмитен эле согуштук аракеттерди жасоого ниеттенип жатат. Декабрдын ортосунда анда өлкөнү дүрбөлөңгө салмак оюу болгон. Аны курчап жүргөн адамдар да өтө кооптуу. Ал патриоттук сезиминен, мекенине болгон сүйүүсүнөн улам өзүн өлкөдө хан сезе баштайт. Анда согуштук потриоттуулук бар. Буга карабастан аны колдогон күч бар.

Анын картасында кландык биригүү боло турганы байкалып жатат. Буга кошо анын кыргызстандын жерине болгон ышкысы аны эски күчтөрдөн дагы да ага колдоо көрсөтө алган байланыштарды издөөгө аракет кылат. Ошол эле учурда анын азыркы шайлоо оюндагы сценарийинин күл-талканы чыгышы, жасаган иши менен айткан сөзү төп келбей жатканы эл өкүлү деген макамына шек салат», - дейт астролог айым.   

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости