www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мадумаровдун мантуусун жеп көнүп алган Көтани көчүгүн кыймылдата баштады. 2017-жылдагы президенттик шайлоо учурунда АША баш болуп, Соке төш болуп Бабановду куугунтукка алып, «Жеткени жети чаап, жетпегени эки чаап» дыркырата Москвага кийире кубалашкан. БӨТанинин ордуна Текебаевдин 2010-жылдагы Конституциясы талоонго алынмай болду. Көтани кимдин сөзүн сүйлөп жатканы белгисиз, тийишкенде тишин зыркырата чукуп ТӨЧанинин Конституциясын Ош жаңжалынан улам, эл канга бойолуп жаткан мезгилин пайдаланып, Текебаевди спикер кылыш үчүн шашылыш түзүлгөн Конституция экенин баса белгиледи. Текебаев-Нарынбаев дымагы боюнча парламенттик республикага өтүшсө, мамлекетти спикер Текебаев менен премьер Атамбаев башкарып, президент «Англиянын королевасынын» милдетин аткарып калмак. Бирок, бул Конституция чала болгондуктан, биринчиден, 2010-жылы алданганын түшүнгөн эл, «Ата-Мекен» партиясын өткөзбөй койду эле, эптеп кыпчылып «Бүтүн Кыргызстандын» ордун тартып, өтүп кетти. Экинчиден, ЖКга анын тизмеси боюнча келген 120 депутат спикерге өткөзбөй койду. Үчүнчүдөн, Текебаев спикер болбой калган соң, президентке күч берип, өкмөттү өзү каалагандай коюп жүрдү.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg