www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу Крис Миллер Ооганстанга сапар менен барды. Анда ооган президенти Ашраф Гани менен жолугуп, Талибан кыймылы менен жүрүп жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн талкуулады.

Пентагон 22-декабрдагы билдирүүсүндө Миллердин сапары тууралуу коопсуздуктан улам алдын-ала маалымат берилбегенин түшүндүрдү. Ошондой эле Пентагондун жетекчиси АКШнын Ооганстандагы аскерлеринин башчысы Скотт Миллер менен жолугуп, террорчулукка каршы күрөш, коопсуздук маселелерин талкуулаган. Ооганстандагы америкалык аскерлер менен баарлашкан.

Ооган өкмөтү менен эскичил шарияттык эрежелерди талап кылган талиптердин кыймылы өлкөдөгү 19 жылдык согушту токтотуш үчүн Катардын баш калаасы Дохада сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Бирок соңку айларда Ооганстанда талиптердин жана башка өкмөткө каршы күчтөрдүн ар кыл зомбулук аракеттери күчөп жатат.

Расмий маалыматтар боюнча, 22-декабрда жол боюна катылган бомба жарылып, анын айынан беш киши набыт болду. Анын төртөө дарыгерлер экени кабарланды. Алар Кабулдагы Пули Чарки түрмөсүндө иштеп, андан чыгып келе жатканда жардырууга кабылган. Бул террорлук чабуул атайы дарыгерлерге каршы багытталганбы же жокпу, азырынча белгисиз. Ал чабуул үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости