www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз элинин айлык акысы дүйнөлүк деңгээлде арзыбаган тыйын. Анткени, совет мамлекетинин созолонгон обонун созгон кыргыздар Эгемендүүлүк кыргыз элине келгенин сезишкен деле жок. Көпчүлүк кыргыздар капитализмди көрбөгөн соң, жашоо советтик мезгилдей өтө берет дешип Ельциндин ваучерин да, Акаевдин менчиктештирүү боюнча бергендерин да сезишкен жок. Акаевдик бийликке өтө жакын ыкташкан адамдар Кыргызстанды талап кетишкени, ошол мезгилде Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева приватташтырууга жакын ыктап, туалет кожоюнуна чейин өз адамдарына  же акча берип кокосуна толтургандарга чейин бергени элдин кыжырын келтирип жүрдү. Бир жаңылыштык, ошол жаңылышуу азыркы күндө миллион ирет бийликти алмаштырса да калыбына келбейт. Анткени, ошол заманда Акаев менен бирге союздан бөлүнгөн бир топ республикалар эли менен бирдей эле жашап жатышат. Бүгүнкү заманда өнүккөн мамлекеттердин эли биздей эртең эмне калат деген оор кырдаалды ойлонбостон өз иши менен өпөңдөп иштеп жатат. Бизде элдин айлыгын туурабы, туура эмеспи Акаевди жалтаң карагандар бөлүп алышып, элдин көпчүлүгү жарымы жок бюджетти карап турса, элдин бир тобу эркиндикти алдык, арийне, бул ааламдан кетүүгө эркиндигибиз калды деп калышты.

Аскар Акаев

1991-жылы 19-августта ГКЧП бийликке келген, Кыргызстанга президент болгону менен, бийлиги ал кездеги аппарат башчысынан башкага жок Акаев дамбалын булгап алган боюнча, ооз ача албай калган. Эгер ГКЧП Ельциндин оозун Горбачев менен кошо бууп койсо, Акаев ошол бойдон мурунку орду завкафедрага кетмек. Ельцин чыкканда ошол кездеги КТРдин директору Сатыбалды Жээнбеков Акаевге келип, Ельцинди колдобосок болбойт деп жатып, Ельциндик боло калды. Ельциндин колуна бийлик тиери менен элди ойлобой арак менен байлыкты ойлоп 1992-жылы баалардын барын асмандатып, гиперинфляция кылып жиберди. Акаев да Кыргызстанды ушул жолго түртүп, кечээ мамлекеттин эсебиндеги завод, фабрика, ишканалардын барын менчиктештирип, карайламан-калк жалдырап кала берди.

Акаев үй-бүлөсү менен Москвадан «эски чемоданы», жыртык батиңкеси менен бийликке келген, кайра он төрт жылдан кийин үй-бүлөсү менен Кыргызстандагы эң бай «олигархы» катары Москвага учуп кетти. Акаев башкарганы келген убакта гүлдөгөн күнөстүү республикабызда завод-фабрикалар тарактап, калкыбыз шарактап коммунизмди көздөй түптүз эле кетип баратканбыз.Завод-фабрикалар «утилге» айланып, темир-тезекти Кытай соруп кетти. Элдин көз жашы Акаевге тийип, коштошконго сөз айта албай Москвага кирип кетти.

Шаршенбек АБДЫКЕРИМОВ

2010-жылы «Республика» партиясын токуп минип жүргөн, кыргыздар аргымак минсе, Шакең «Аюну» минип алып, түз эле парламентке келген. Икрам Илмияновдун кабыл алуусунда кезек күтүп отуруп тажадыбы, андан соң «Кыргызстан» партиясын минип, Атамбаевди пулдап Лондондо эң бай пентхауска ээ болду. Балбак Түлөбаевдин айтуусунда бул жакта бир топ олигархтар бай пентхауска ээ болгон, аны Шаки түз эле төлөй албай, улам-улам төлөп кутулган экен. Эми Лондондо президент Трамп менен Путин да үйгө ээ болсом экен дегенде эки көзү төрт экенин ойлосок, бул жакта үй абдан кымбат. Арийне, кыргыз элинин байлыгын тоноп-талаган Шаки мырза да мындай байлыкка ээ болгондон көрө Кыргызстандын экономикасын чыңдаса эл батасын бермек.

  Шаршенбек мырзанын айтымында аны кимдир бирөөлөр телефон аркылуу коркутат имиш. Бир заманда акыйкатты айткан адамдарды күм-жам кылып, каматып, сабатып, соттоп миллиондорду моюнга салып атканда Шаршенбек мырзалар дардалаңдап ресторан, түнкү клубдарда кожоюндук кылып, кыйналып аткан элдин үнүн укту беле? Албетте, Шаки мырзанын эки жүздүүлүк менен бет тырмаарлык кылып атканы бештен белгилүү. Антпесе,  мурунку «ээлери» аны «күчү-күчү» деп элдин байлыгын талатканы эсиндедир. Өзүн бир шордуу кылып көрсөтпөсө,  сугунгандары жукпай калбайбы.

Чыныбай ТУРСУНБЕКОВ

Акаевдин заманында Чыныбай Акунович акындыгын өйдө өнүктүргөн. Аны Акаев көзгө илбей койгон, ошондуктан, Түркияда билим берүү тармагында иштеп жүргөн. Өзүнүн бизнесин баштап, Түркияда кыргызстандык мыкты бизнесмендин бирине айланат. Ошол мезгилдерде Түркияда дагы бир кыргызстандык чоң бизнесмен Алмазбек Шаршенович өз бизнесин гүлдөтүп жаткан. Бул экөө Түркиядан жакшы пикирде болгонбу, же Атамбаев президент болгон соң жакшы мамиледе болгонун башкалар изилдер.Атамбаев Кыргызстанда мамлекеттин башына келер менен, өзү аялынан жакшы сүйгөн СДПК фракциясынын башында алып жүрдү.

Эркинбек ЧОДУЕВ

Эркинбек мырза арактан же ундан байыган жок. Ал «паспорту бар» буудайдан жасалган арак ичпей, чет элге барып «паспорту жок» арак ичип, чатак чыгарып, арактын айынан ар кимге карыз болуп, кедейленип төлөбөй баратып Акылбек Жапаров сыяктуу айгай салып, ал малды паспорттоштурууга өтсө, бул курт-кумурсканы паспорттоштурууга өттү. .Министр болгуча «Коттон Оушен» ЖЧКсынын директору Фируза Ибрагимовадан миллиондон ашык доллар жеп койгон. Мунун негизинде Поспелова 1 миллион 760 миң сомго сынган, буга Эркинбек мырза кабагым-кашым да дебейт, анткени ал министр да.

Дүйшөнбек ЗИЛАЛИЕВ

Зиркилдеп  турганы менен Зилалиев, «Жооштон жоон чыгат» деп жоон-жолпусунан сугунуп жүрдү. Кыргыз элинин кыйласы айлыгына карап жашаса, Зилалиев үйүнө миллион долларды алпарып балдарына ойнотчу экен. Анын үйүндө балдарына оюнчук болгон миллиондору далилдейт. Элге берип турса кимдир-бирөө чыгат эле да. Аны колдоп чыккан адамды турнабай менен да издеп таппайсың?

АТАМБАЕВ Алмазбек

Путин Санкт-Петербургдун губернатору Анатолий Собчактын «телохранитель» катары чемоданын көтөрүп жүргөндө Атамбаев «мульти-миллионер» экенин өзү айтып жүрчү. Бирок кантип мульти-миллионер болгонун ачык-айтпайт, будамайлап айтат. Анткени СССР убагында миллионер деген түшүнүк болгон эмес. Анын атасы сот системасында иштеген Шаршен Атамбаев уулуна мүмкүн миллиондогон доллар мураска калтырып кеткендир. Бир жагынан ишенсе болот, Атамбаев өзү айтып жүргөндөй ишенсе толугу менен болот, анткени анын мульти- миллионер экени чындык, экинчиден айтканы туура эмес,  союз убагында миллиону барларды «алып сатар» дешип, каяктан таптың деп иликтеп, эсин оодарып камап коюшчу.

Кубанычбек ЖУМАЛИЕВ

Ар бир бийлик бирден баланы багып муратка жеткизет. Аспиранттан премьер-министрге «чоң секирик» жасаган Жумалиев Акаевди сүйүп калган бойдон калып калган жок. Ал Акаев качканда «Көк-Жардагы» хансарайындагы бардык мүлктү чоң жүк ташый турган фураларга жүктөп , ал эмес баалуу унитаздарын кошо жүктөп, каякадыр качып баратканын эл билет. Жүктөрү каякта калганын ким билет, бирок Жумалиевдин кайтып келип, экинчи аялы Роза Аманованы артисттинине карабай Медициналык университетке ректор кылып, өзү депутат катары Алмазбек Атамбаевди жерге-сууга тийгизбей мактап жүрдү. Бүгүн кимди мактап жатты болду экен?

Тайырбек САРПАШЕВ

«Жакыр элге, бучуктан бий». Батиңкесин салаңдатып көтөрүп жүрүп, Тойчубек Касымовдун кызына үйлөнгөн соң бийликтин секисине көтөрүлгөнү менен бат эле жели чыгып, кийин 2011-жылы Атамбаевди президентке шайлоо учурунда Бишкек СДПКсын жетектеп, ошонун эмгек акысына биринчи вице-премьерге жеткен. Кыргызстанда эмне тендер болсо мурдун тыгып жүрүп, олигархка айланган.

Өмүрбек БАБАНОВ

Бабанов «арамзалыктын арифметикасын» беш колундай билет. Бул жерде кээ бири күрт, кээ бири түрк деп айтып жаткан апасынын таасири жок. Күрттөр эл аралык Жумушчу партиясын түзүшүп, орусча РПК, дүйнөгө таасир этишип күрттөрдү жана алардын жээндерин гана көтөрүшкөнү менен Бабановдун тиешеси деле жок. Анткени,  «эки чака» бензин менен иш баштаган Бабанов, бүгүнкү эки үлкөн олигарх болсо бири. Ал колхоздун башкармасы Токтогул Бабановдун кара чечекей  жалгыз уулу болгону менен эл мектепке баратса, ал бензин сатып жүрүп, миллион тапкан соң Жалал-Абадка ооп, ошол жактан президенттин уулу жээни Айдар Акаев менен таанышып, Кыргызстандын бензин королуна жеткен.

Аскар САЛЫМБЕКОВ

Рынок экономикасынын шартында байлык топтоп, өзү жалгыз байыбай, артында Салымбековдордун «Дордойу» менен  «дордойгон» династиясын бүт байлыкка жеткирген. Аскар Салымбеков бир-эки ирет эл катары саясий секиге чыккысы келген, бирок ал үшкүрттүбү же өнөктөштөрүбү, эптеп парламенттик шайлоодо бутунан чалынып түшкөн.

Бакыт ТӨРӨБАЕВ

Унпуруш олигархтар ун сатып олигарх болгондор. Бакыт мырза парламентте «эки тизгин, бир чылбырды» колуна кармап келатат. Ун кымбаттаса - элдин шору. Ал эми кимге пайда түшөт? Анысын ким билет, бирок Төрөбаев мурун элге трактор алып келип турса эми унута баштагандай. Бирок шайлоо учурларында жакшы мамиле кылат. Эстегиле мырзалар шайлоо келатат.

Карашев Аалы

 «Устатынан шакирти өтөт» дегендей, Атамбаевден өтүп бийликтин «акырынан» даам ооз тийип байлыкка жеткен  чоң байлыкка ээ болду. Карашев Аалынын  атасынан калган байлыгы көп болчу. Атасы Азим Карашев Акаев заманында Макмалдан байлык топтоп, байлыгынын аркасы менен бийликке келди. Бийликке келген соң байлык «геометриялык прогресс» менен өсөөрүн тарых далилдеп койду.

Акаевдин «ксерокопиясына» айланып бараткан Карашевдин байлыгы канча өсүп баратканын бир кудай билет, бир баласы Аалы билет.  Атасынан соң биринчи вице-премьерге  отургузуп коюп, ал байлыкты эзе баштаган. Мүшөк акчалар менен келбеген адамдарды «мүңкүрөтө» мүдүрүлтүп, тили оозуна батпай Москва менен Вашингтон ортосуна жашынбак ойногусу келген, өзү «жашынбак» ойноп калды.Бирок, эми кайра чыгар.

 

ШЕРИМКУЛОВ Медеткан

Менчиктештирүүнү пир кылып, Кыргызстанды талап-тоноп байыган. «Мыйзамдагы ворлордон» айырмаланып, спикер олигархтар, парламентте өзүнө ылайыктап мыйзам жазып алып байышкандар. Медеткан мырза ачык эле кызмат абалынан пайдаланып, Чүйдүн чүйгүн жеринен 500 гектар жерди «кытып» алган.«Бекер эт капканда гана болот». Ал өз алдынча  «таза» адам, анткени өзүнө тиешелүү сауналардан таза жуунуп турат. Ошондуктанбы, Бишкек шаарында жердин пайыздарына түшкөн акчаларга курган «сауналардын» королуна айланып, бир убакта жер менчигинин «королу» даражасын унуткузбай келатат. Коммунизмдин «Акыркы могиканына» айланган көптөр байлыгына карашпай байып баратышат.

Феликс КУЛОВ

Булар бийлигине таянып элди талап-тоноп жеп, өкмөт башчысынан олигархка көтөрүлгөндөр. Демократиянын түтүнү чыга электе эле полковник Кулов оозго алынып калган. ГКЧПнын убагында Акаев шымын булгап алганда, Кулов суу куюп берген. Кулов жаш кезинде курч болчу, бирок анын болоттой курчтугу өзү тилин түшүнбөгөн «кыргыздарды» көтөрүүгө арналган жок, капчыгын калыңдоого арналып вице-президент, Чүй губернатору, Бишкек мэри, УКМК министри болуп «сыз жерди» көрүп келди. Бакиевдин заманында өкмөт башчысы катары кыргызды Африканын артта калган өлкөлөрүнүн катарына түшүрүп, ХИПК деген программасы жана башка реформаларынын аркасы менен бийиктеп учкусу келген.

Алтынбек Сулайманов

Алтынбек Сулайманов Рустам Мамановдун шопуру болсо да мамлекеттик чоң кызматка келбегени менен, бир фракцияны солкулдатпай кармап турат. Ал Атамбаевге таянып бир топ министрликтин «хозяини» болду,  элге билинбей көлөкөдө жүргөндү сүйөт. Анын багын бир «Республика» партиясы ачса , бир бокс аренасында Камчыбек Ташиев ачты, андан соң «Бир бол» менен Досалы Эсеналиев анын «суперлигин»  бекемдеди. Бүгүнкү күндө супердепутаттардын катарын толуктап турат. Ошондуктан ага ар тараптан тийишүүлөр жамгырдай жаап жаткан учуру. 2010-жылы Ош окуяларында отту кечип жүргөн Алтынбек Сулаймановду өзбек сепаратисттери чап кенедей жабышып,чет элдик басылмаларда улутчул деп күнөөлөп келишти. Алтынбек Сулаймановду чыныгы мекенчил, патриот инсандардын катарына да кошуп койсо болот. Кыргыз элинин тарыхын изилдеш үчүн өзгөчө кыргыз бийи «Кара Жоргону», кан-жанын аябай күрөшүп, акча каражатын аябай келатат.

Исхак ПИРМАТОВ

«Бензиндин битин сыгып атып» олигархка айланган Пирматов кайда? Нефтебазада. Деги парламентке келчү убагы болор бекен? Же бензин деп жүрө береби? Аны менен чогуу ууртап-татып жүргөн капчыктуу «шефтери» ага окшогон кошоматчыларын унутуп калышкан убактары болгон. Элдин энчисинен жеп кеткен миллиардарынан үлөлөштүрүп аларды кайра жалдап алды. Анан ага окшогондор бакырып чыкпаганда, эми эсине келгенсип элдин атынан сүйлөмүш болбогондо кимдер сүйлөйт? Ырас кылат, парламенттик шайлоо улам жакындап келе жатпайбы.

Чолпон Баекова,

Чолпон эжей парламентке келгенде бир «общий тетрады», бир бору (мель) жана бир сыйра кийими бар болчу. Анан эсибизге жара чыкпаса, Акаевге карындаш боло калып, олигарх сотко айланган. Аалы Карашевге сиңдисин берген соң, Макмалдын алтынынан аптыга сугунуп Исанов көчөсүнө  имараттарды  куруп, ижара акысы менен күн көрсө, бийликке жеткенде анын тегерегинде текебаевдик көп кабаттуу имараттар, жаандан кийинки козу карындай жамырап баратат. Эми анын байлыгын кайсы премьер-министр эсептейт эле? Эсептейин десе, аргымак мингизип туруп, ары карай түртүп жиберчү.

Тойчубек КАСЫМОВ

Орусияда жолдон акча таап күн көргөн «дорожная девкалар» бар, бизде жолдон байыган олигархтар бар: Акаевдин заманында «жол бизнесине» негиз салып, жолдун олигархына айланып, аты да «Жолчубек» болуп калган.Күйөө баласы Тайырбек Сарпашев ар ким менен текөөрлөшүп тебише калчу, ушул тапта Түркияда жүрөт дешет, болбосо Ак үйдө жүрмөк.

Жантөрө САТЫБАЛДИЕВ

Мырза акенин коондору гана эмес, «жоондору» дагы таттуу келет. Ошол «жоондорунун» жоону Жантөрө Жолдошевич. Анын негизги адистиги «эксплуатационник». Ошондуктан Аскар Акаев, балким Майрам Акаева  келишимдүү жигитти Бишкек-Ош автожолун реконструкциялоо жана «эксплуатация» боюнча директорлугуна койгон. «Эксплуататор» Бакиевдин тушунда «эксплуатационник» Сатыбалдиев «эшек такалабай» эле, Ош облусуна кошуп, Түштүктү бүт «эксплуатациялап» жүрдү. Атамбаевдин тушунда «эксплуатационник» Сатыбалдиев кыргыз элин «эксплуатациялайбыз» деп өкмөт башына келген.

Бозулан МАМАЗАИРОВ

Азыркы олигархтар арасында бешиктен бели чыга элек жатып, «арзыматчылыктын» арифметикасын жадыбалдай жаттап алган «Монте-Карлолор» көп эле учурайт. Ошолордун бири Бозулан мырза. Анын кандай байыганын ким билет, «жел» дымагы менен олигархтардын катарын толуктап жүргөнү чын. Ал кыргыздын жери сатылып жатса «быш этип» да койбойт, анткени анын оюнда эл эмес, «Монте-Карло» өссүн деген ой жатат. Бозулан мырза ресторандар тармагы менен, биздин ресторандарды «Монте-Карлого» айлантып баратат.

Кубат БАЙБОЛОВ

«Оберон» менен обого чыккан Кубат мырза, Обаманын мамлекетине чейин ойноп-күлүп барып келди. Башпрокурордон башмалдак атып түшүп, президентке талапкер сексен адамдын бири катары тарыхта калган. Ошол бойдон ушул күнгө чейин айыл өкмөтүнө талапкер болгонун уга элекпиз.

Абдраим КУЛБАЕВ

Кыргыздын элин малга теңеп, жакырчылыктын чегине алып барып, кыштын күнү электреге бааны 2 сом 16 тыйынга көтөрүп, ГЭСтерди арзыбаган баага менчиктештирип, элди ого бетер кымбатчылык менен муунтуп аткан убакта, Абдраим  мырзага окшогондор шефтеринин колтугуна кирип алып, алардын обонун созуп ырдап турушту. Эл кыйналса мейли, бир гана Абдраимге окшогондор сайрандап турушу керек эле. Бирок, кыргыз эли ага макул болгон жок, суук тумшук, жырткыч бийликти кетирди. Абдраим мырзага окшогон бекер ашка кыныккандар «Таргута» рестораны, "Кербен" базары менен баштарын башка бийликке буруп кетишти.

Данияр ҮСӨНОВ

Данияр мырза технологияны өтө тез өздөштүрөт. Бөтөнчө «арамзалыктын технологиясын». Далил керек: Ал  жылаңайлак чуулдап жүргөн убакта эле, башка балдарга момпосуй берип алдап, өзү  атамандыкты «арамзалык» менен алчу. Бул мезгилде «арамзалыктын алиппесин» гана үйрөнүп жүргөн. Ал эми «арамзалык илиминин докторлугун» ефрейтор Үсөнов аяш атасы Апас Жумагуловдун аркасы менен байлык топтоп, бир заманда «корона» кийип, «ханга салам бербей» жактаган. Ефрейтор болгону менен генералдарды тизип койчу.

Райкан АЛКАНОВ

Райкан аксакал да, социалисттик доордон капиталисттик доорго «капиталын» топтоп өттү.эмнегедир бычак сунулганы бизнесмендерди «шокко» салды. Аны бычак менен карактап кеткен соң, ал кишинин да үнү чыкпай баратат.

Нурлан СУЛАЙМАНОВ

Базардын аркасы менен байыгандардын бири.«Жолду» башкарып жүрүп, Европага чейин «жолдук» акча таап алган окшойт. Жолун карап чарчадык, көрүнбөйт.

Темир САРИЕВ

Сотка менен мамлекеттик мүлктү «распилить» этип бөлүп алып байыган олигархтардын бири Сариев. Революцияны бизнес кылгандардын ана башы - Темике. Эгерде оппозиция жок болуп кетсе, анда революция болбой, Темикебиз ачка калбайбы? Каякты «распилить» этет эле? Темикебиз КСДП, «Ата Мекенде» айылчылап жүрүп, акыры өз партиясы «Ак шумкарды» түзгөнү менен, ак шумкары кара кузгунга айланды. Өзү финансы министри катары Убактылуу өкмөттүн учурунда сотка менен жайлагандарды «жайгарып», кайра министрге барып конгон. Эми жаңы партияга барып конгону жатыр.

Икрамжан ИЛМИЯНОВ

Башка чиновниктер он жылдап олигархка айланса, Илмиянов он айдын ичинде эле далайларды «обгондоп» кетти. Бирок айла жок ашкандары үчүн жооп берип жатат.

Данияр НАРЫМБАЕВ

Данчик алтынын Нарынга алып барып катса керек. Ташиев тосмодон секиргенин угуп Нарынды көздөй уруп баратканда, араң буруп келишпедиби.Эми чоң кызматтан да, камалгандан да сактанып жатат.

Муратбек МАЛАБАЕВ

«Ар заманда бир куркулдай». Ар замандын өз «кошелогу» бар. Мукебиз деле Акаевдин баскан изинен калбай ээрчип жүргөнү менен, ал «бакма бала» кылып «короновать» этпегени менен «кошелогун» көтөрүп жүрчү.  Каныкей апабыз Күлчорого сүт эмизип уул кылып алса, Акаев сүт эмизбей эле «олигарх уул» кылып алган.

 

Булар кыргыз элинин байлык топтогондорунун бир бүркүмү эле. Айрыкча, элди ойлобой өз капчыгын ойлогондор.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости