www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

24-ноябрда Гонконгдо өткөн шайлоодо оппозициялык кыймылдын жана партиянын талапкерлери жеңди. Гонконгдун 18 округу райондук кеңештерге болгон шайлоодо демократтар 452 орундун 278ин алды.

Өкмөттүк блок мурда жергиликтүү кеңештин болжолу менен 75% көзөмөлдөп турган эле. Шайлоого катышуу 71 пайызды түздү. Жалпы 2,9 миллион шайлоочу добуш бергени айтылууда. Салыштырмалуу айтсак, 2015-жылы өткөн шайлоого катышуу 47 пайызды түзгөн эле.

Оппозициялык кыймылдар Гонконгдогу нааразылык акциясында айтылган талаптарды Пекинге чейин жеткирүү тууралуу билдирүүлөрдү жасашкан.  

Гонконгдо токтобой жаткан акциялардын уюштуруучуларынын бири, адам укугу боюнча жарандык фронттун лидери Жимми Шам биринчи жолу шайлоого катышып мандат алды деп жазышты чет элдик басылмалар.

Ал эми, администрациянын жетекчиси Кэрри Лэм добуш берүү маалында тынчтык сакталып турганына ыраазычылыгын билдирди.

Эске салсак, октябрдын аягында  Гонконг бийлиги   23 жаштагы актвист Жошуа Вонгду шайлоодон четтеткен. Ал 2014-жылдагы “Кол чатырчандар” кыймылын уюштургандардын бири болгон.  Эми Вонгдун ордуна келген талапкер жеңишке жеткени маалым болду.

Вонг Твиттердеги баракчасына “Тарыхий шайлоо” болду деп жарыялады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости