www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ош - Бишкек” жолундагы бүгүнкү, тагыраагы, 25-ноябрга караган түнү, саат 00:20ларда болгон жол кырсыгынан каза болгондордун саны бешке жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Андагы маалыматка ылайык, жол кырсыгында жабыр тарткандардын бешинчиси Жайыл аймактык ооруканасында көз жумду.

Эскерте кетсек, 24-ноябрдан 25-ноябрга караган түнү “Ош - Бишкек” жолунда Бишкекти көздөй келе жаткан “Honda Stepwgn” автоунаасынын айдоочусу жолдун каршы тилкесине чыгып кетип, “Mercedes-Benz Sprinter” автоунаасын сүзгөн.

Аталган жол кырсыгынын натыйжасында, окуя болгон жерден бир адам, ооруканада бараткан жолдо дагы үч адам, ал эми бешинчи жүргүнчү аталган ооруканада каза болду.

Мындан сырткары дагы 8 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.

ИИМ билдиргендей, жол кырсыгы болгон учурда “Ош - Бишкек” жолу тазаланып, керектүү нерселер жолго себилген. Бирок, ушуга карабастан “Honda Stepwgn” автоунаасынын айдоочусу белгисиз себептерден улам каршы тилкеге чыгып кеткен. Учурда окуянын бардык жагдайлары териштирилип жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости