www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байпактан башка көтөрүлбөйлүбү?

Кыйындар бар, эй! Жөн эле кыйын болуп алышкан. Кыргыздар баарын кыйын дей бербейт. Мыкты чыкканын айтат. Бирок, бүгүн ошол кыйын деген кептин да кадырын кетирип бүтүрүштү. Алсак, Жогорку Кеӊеште Экмат Байпакбаев деген депутат бар эмеспи. Бар эмеспи деп коебуз да, жалпы эл жакшы тааныган депутаттан бетер. Тагыраагы ошондой бир неме, депутат бар. “Аквариумдагы балыктардын” катарында. Келишим менен баш кошкон жубайлар өӊдөнгөн «Республика-Ата Журт» партиясы менен келген. 5 жыл бою кыйраткан мыйзам жазганын көрө алган жокпуз. Бир билгенибиз былтыр ата-мекендик өндүрүшчүлөргө бут тоскон мыйзам сунуштап элдин таландысында калган. Депутат катары эмнени кыйратканын билбейбиз. Бирок, дале жүрөт. Бул өӊдүү эргулдар эртеӊ да депутат болуп келип, мамлекеттик маселени чечпейт деп ким кепилдик берет? Жашасын, БЕТМЭН, тойус Байпакбаев!

Булак: "De-facto"

Последние новости