www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германияда жүк ташуучулар канадалык белгилүү пианист Анжела Хьюиттин  дүйнөдөгү жалгыз 4 педалдуу, 194 миң долларлык фортепианосун сындырып алышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Анжела Берлинде Бетховендин чыгармаларынын жаңы вариациясын жаздырып жүргөн учурда, жүк ташуучулар кымбат баалуу фортепианомду кулатып алышкан. Fazioli компаниясы колго жасалган инструменттин абалын текшерип чыгып, кайра оңдоп чыгууга жарабай калганын билдиришкен.

Эске салсак, Анжела 2003-жылдан бери Лондондо жашап, концерттик программаларын аталган инструментте гана ойноп келген. F278 Fazioli үлгүсүндөгү фортепиано дүйнөдөгү жалгыз 4 педалдуу концерттик инструмент деп эсептелинип, 194 миң долларга бааланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости