www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Апрель» телеканалынын 100% кожоюну А. Атамбаев экенин уккан элдин кыжыры кайнады. Бул канал Икрам Илмияновко тийиштүү «Он бир» телеканалдын базасында түзүлгөнүн эске алсак, анда даана эле Икрам — Атамбаевге «кошелек» катары кызмат кылганы факт катары белгилүү болуп калды.
Дмитрий Ложников аттуу мурунку «Бешинчи» каналдын жүзү болгон, «Апрелдин» баш директору Фейсбук аркылуу бир жумадан бери «биз акпыз, биз тазабыз» дегенине карабастан, элдин көпчүлүгү нааразы экени даана көрүндү. «Атамбаевыңар бай. Акчасы толтура. Бирок элге сөзүңөр баары бир сиңбейт, эл силерге ишенбейт» деп ага жооп берген Эдил Байсаловдун пикири колдоого алынды.
Булак: Жаңы ОРДО