www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ыйман” фондунун жетекчиси алмашабы?

Эски бийликтин тушунда өлкөбүздөгү диний абалды жөнгө салуу максатында “Ыйман” деп аталган диний маданиятты өнүктүрүү фонду түзүлгөн болчу. Ага Түркия тараптан, азыркы президент Реджеп Тайип Эрдогандын жеке кийлигишүүсү менен ири суммада акча бөлүнгөн. Бул тууралуу ачык маалымат берилбегендиктен, ар кандай цифралар айтылып келет. Бирөөлөр беш миллион доллар десе, дагы башкалар 10 жана 20 миллион дешүүдө. Эмнеси болсо да оңой акча эместиги айдан ачык. Ушул капчыгы чоң фондко экс-президенттин “оң колу” аталган “серый кардинал” Икрам Илмияновдун амири менен Нуржигит Кадырбеков деген эпилдеген жигит жетекчиликке дайындалган.

Бирок имамдарга болор-болбос маяна төлөп, диний темага анча ылайык келбеген китептерди чыгарганы жана Н. Кадырбековдун өзүнүн чечендик өнөрүнө салып бал сөздөрүн ар кайсы телеканалдарда сүйлөгөнү гана болбосо, өлкөбүздүн диний кырдаалына кошкон салымын көрө элекпиз. Ар кайсы эле мамлекет акча бергенден кийин өзүнүн саясатын таңуулайт эмеспи. Ошондуктан Түркия деле өзүнүн диний моделин Кыргызстанда жайылтууну көздөсө керек. Бул жагы туура эле. Себеби Түркия да, Кыргызстан да ханафий мазхабын карманат. Демек, эч кандай радикалдык жолго үгүттөө болбойт.

Анкарадан бизге угулган имиштерге караганда, Эрдоган Атамбаевден бул багытта берген акчасынын отчётун жана натыйжасын сураганда, Ак үй тараптан шашылыш “Ыйман” фонду уюштурула калган. Бирок кийин да үстүнө кошуп акча алгандыгы айтылууда. Тилекке каршы былтыр кыргыз парламентинде бюджети Пентагондун каражатындай эле жашыруун сакталган бул фонддун акчасы кайда, кандай максатта жумшалып жаткандыгы кайсы бир депутат тарабынан көтөрүлүп, тилекке каршы жоопсуз калган.

Жакында Президентибиз Түркияга расмий иш сапар менен барганда түрк тарап “Ыйман” фондунун тегерегинде да маселе козгоп, Н. Кадырбековду кызматтан алуу таклибин коюптур. Акчадан тышкары да бул жигит кардаштарга жакпайт экен...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости