www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тактан түшүп, жер менен басып калганда эсине келдиби же колунда бийлиги бар кезде мансабына манчыркап, кыргыздын бир нече мыкты жигиттери каматып, байлыгы менен бизнесин тартып алган кыянатчылыгынын арты жаман болорун түшүндүбү, айтор экс-президент А. Атамбаев бир топ ошол “курмандыктары” менен жарашуу сунушун жасоодо. АША тарабынан андай “жуучу” жөнөтүлгөндөрдүн  катарында болор-болбос жалаа менен ЖК төрагалыгынан кетирилип, андан кийин камалган экс-спикер Ахматбек Келдибеков экени айтылууда.

Бирок А. Келдибеков социалдык тармактар аркылуу мындай имишти өзү жокко чыгарып, төмөндөгүдөй билдирүү жасады: “Мени таң калтырган нерсе - ар түрдүү ММКлардан "Келдибеков Атамбаев менен биригиптир деген маалыматтар тарап кетиптир. Мунун баары чындыкка коошпогон жалган жана ушак сөздөр.
Биринчиден, Атамбаев мага эч кандай биригүү туурасында сунуш кылган жок. Экинчиден, ал мага андай сунуш дагы кыла албайт. Анткени, мен жөнүндө айтпаган сөздү айтып, мени каматуу боюнча атайын команда бергенин мен анык билем. Бирок, мунун баарын кудайга койдум. Мен андай саясий соодага барган эмесмин жана барбайм. Ал кишини ошол мен камалган убактан бери, мына алты жылдын жүзү болду көрө да элекмин. Аман эле болсун, мезгил баарын таразалайт. Атамбаев - бул кеткен президент, ошондуктан жаңы келген Президентке эч кандай тоскоолдуктарды жаратпай, унчукпай олтурушу керек. Эгерде, болбой эле бут тосууларды уюштуруп же кандайдыр бир терс кадамдарга барса, анда анын кесепети өзүнө эле тийиши мүмкүн."

Туура, эгер Ахматбек мырза экс-президент менен элдешсе, анда өзүнүн эле абийири кетмек. Бир чети АША аны президент кезинде соттун чечими жок эле барган жеринде  ушакчы катындай жамандап жүрбөдү беле.

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости