www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаков эки күн мурун кармалып, бүгүн №1 СИЗОго которулган. Эми анын артынан ошол кездеги орун басары Бакытбек Мураталиев кечээ күнү кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилгени ИИМден маалым болду.
Мураталиевге баштапкы баасы 242 миллион сомду түзгөн Бакиевдердин VIР-шаарчасынын 142 миллион сомго сатылып кеткен боюнча кылмыш иши козголгон, Эске сала кетсек, бул кылмыш ишти эң биринчи болуп депутат Алмамбет Шыкмаматов айтып чыккан.
Бакытбек Мураталиев бул кызматка 2017-жылы (ага чейин Нарындын губернатору Аманбай Кайыповдун бир тууган карындашы Назгүл Кайыпова иштеп турган) келген.
Анын атасы Байымбет Мураталиев Акаев доорунан бери чоң кызматтарда иштеп келет. Ветеринария департаментин башкарган, Айыл чарба министринин орун басары, Таласта губернатор болгон.
Учурда да бул министрликте жооптуу кызматта иштейт. Ал эми Байымбет аксакалдын иниси Марат өткөн жылдын этегинде Талас облусуна губернатор бопуп дайындалган.
Баласына минтип кылмыш иши козголуп жатса, Байымбет аксакалга деле жакшы эмес. Эми моралдык укугум жок деп генерал Талант Исаевден үлгү алып ээлеп турган кызматынан кетсе керек...
Бул маселе Бакытбектин Таластагы губернатор байкеси Марат Мураталиевге деле тиешеси бар десек болчудай... Бакиевдердин уй-бүлөсүнө таандык VIР-шаарчага тийиштүү козголгон кылмыш иштин алкагында ЖЧКлардын биринин директору Сергей Дибров да кармалды. Ал убагында аталган шаарчанын баасын аныктап берген.
Булак: NazarNews.kg