www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соңку учурда өрттөн жабыркагандарга жеңилдетилген насыялар каралат. Бул багытта комиссия, Коммерциялык банктар жана Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду менен бирге маселе каралууда. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында вице-премьер-министр Санжар Муканбетов билдирди. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.

-16-апрелде премьер-министр коммерциялык банктардын өкүлдөрүн чогултуп, кандайдыр бир жардам бергиле деген сунуш берген. Анда насыяга жараша жарым жылдык жеңилдиктер берилерин айтышкан. Андан сырткары Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан сунуш түшкөн. Аларга дагы жеңилдетилген насыя берүү боюнча тапшырмалар берилген.

Муканбетовдун айтымында, Ош базарындагы 30-январда болгон өрттөн 3,5 миӊ чарчы метр, 5-марттагы өрттөн 2 миӊ чарчы метр, 13-апрелдеги өрттө 2 миӊ чарчы метр соода жайы күйгөн. Ал эми Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында чыккан өрттөн 359 ишкер 630 млн. сом өлчөмүндө зыян тартканы белгилүү болду.

Өрттөн жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүү боюнча токтом кабыл алынып, мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Муканбетов жабыр тарткан жарандардын саны такталып жатканын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости