www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жашоо адам баласын ар кандай тагдырга туш кылып, мүдүрүлтүп жашоонун ачуу таттуусун таттырат эмеспи. Оор тагдырга туруштук берген да, бар бербеген да бар. Бишкек шаарындагы кайрымдуулук борборлорунун биринин жашоочусу “жашоонун азаптуу күндөрү адам баласын эң оор күнгө салат экен. Мен туш болгон тагдырга эч ким туш болбосун”- деген (аты өзгөртүлдү) Байыр Алымбеков өз тагдыры жөнүндө айтып берди.

-Мен 1953-жылы Ысык-Көл облусунун Талды-Суу айылында туулгам. Тагдырдын оор сыноосу айтып келбейт экен. Жогорку окуу жайды аяктап, көп жыл ИИМде иштедим. Бала-чакалуу болдум. Бирок мен балдарымды канча жакшы адам болгула деп акыл айтканым менен алар мени угушпады. Мындай нерсе мени өтө капа кылды.

-Балдарыңыз карабай койдубу же өзүңүздүн каалооңуз менен келдиңизби?

-Ооба мен өз каалоом менен келдим. Анткени мен туш болгон тагдырга эч ким туш болбосун. Бул жашоодо апасы менен баласы жыныстык катнашка барган учурлар болобу?. Болот экен. Мына мен ушундай окуяны башымдан өткөрдүм. Ошон үчүн мен балдарыма жана аялыма капамын. Мындай нерсени көрүп билип туруп, ал үйгө бут баскым келбейт.

-Сиздин үйдөн чыгып кетүүңүзгө жогоруда айткан окуя себеп болдубу.

-Албетте. Элестетип көргүлө мындай нерсеге туш болгон адам кандай абалда калаарын. Мен балдарыма жакшы адам болгула деп көп аракет кылдым. Бирок балдарым менин сөздөрүмдү кулак сыртынан кетиришти. Ал эми кыздарым аябай жакшы. Аларга капа эмесмин.

-“Ата келиңиз”- деп сизди кыздарыңыз чакырышабы?

-Ооба чакырышат. Бирок мен барбайм. Кыз кишинин турмушу өзүнчө болуу керек. Балдарыңдан жакшылык болбогон соң, күйөө балаңдан жакшы мамиле күтүү мүмкүн эмес. Ошон үчүн кызымдын жашоосуна терс таасиримди берүүдөн корком.

-Балдарыңыз кечирим сурап келген учурлар болдубу?

-Жок андай болгон жок. Болгон күндө да мен кечире албайм. Мен үйдөн безип, качып жүрөм. Балдардын ушундай болуп калышына энеси күнөөлүү. Кичүү уулум телефондорду уурдап камалды. Балдарыңдын мындай кылмыштарга баруусун көтөрө алган жокмун.

-Канча убакыттан бери кайрымдуулук борборунда жашап жатасыз?

-Туруктуу жашаганыма 6-7 ай болуп калды. Мага ИИМнин ардагери болгондуктан мага убактылуу жашоого Дача беришкен. Бирок мен ал жерге барбайм. Ал эми ИИМде иштеп жүргөнүмдө мага эки бөлмөлүү үй беришкен. Мен аны аялыма жана балдарыма таштап келе бердим. Үйдү талашкан менен пайда жок экенин түшүнөм.

Кайрымдуулук борборунун кызматкерлеринин айтымында Байыр Алымбеков аябай таза жана тыкан инсан. “Анын уктоочу бөлмөсү аябай таза турат”- деген пикирлерин билдирди.

Булак:"fakt.kg"

Последние новости