www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда бүтпөгөн маселе оголе көп. Ак үйдүн алды арманга толтура. Так ушул тапта "Трансформация" кыймылынын өкүлдөрү кыйкырык менен Ак үйдүн алдында турушат.

"Трансформация" кыймылынын мүчөлөрү 2009-жылдын 31-июнуна чейинки мыйзамсыз курулган үйлөр жайгашкан жерлерди трансформациялоону тездетүү талабы менен парламент имаратынын алдына "Трансформация болсун, болбосо кетсин!", - деп кыйкырып турушат.

Митингдин катышуучусу Арзыкан Кубатаева, “Биз Кыргызстанда жашап туруп көп көйгөйлүү нерселерге муктажбыз. Эл-журт көбөйдү. Тилекке каршы бийликтин кыргыз элине болгон мамилеси кайдыгер болуп, өгөй баласындай мамиле кылышып, мыйзамын жаза берет, талкууга сала берет. Бул эмнеси? Карапайым калкты кыйнай береби? Эл өкүлдөрү жерлерди трансформациялоо боюнча мыйзам долбоорун кароо атайын создуктурулуп жатат. Караңыз, 2009-жылдын 31-июлуна чейин сугат айдоо жерлерине салынып кеткен үйлөрдүн персоналдаштырылган реестри менен КР Өкмөтүнүн өзүнчө реестри сунушталган. КР Өкмөтүнүн тиешелүү бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Далбаевдин айтымында, Ведомстволор аралык комиссиянын реестринде 2009-жылдан кийинки салынган үйлөр кирип калган. Жерди тарнсформация кылуу Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Айтмамат Назаров аталган мыйзамды жокко чыгаруу боюнча колунан келгенче, буту жешилгенче чуркап жүрөт. Бир сөз менен айтканда өтө кыйналдык. Так ушул тапта электр жарыгына, сууга, мектепке зарбыз. Биз менен Жогорку Кеӊештин депутаттары, анын ичинде Айтмамат Назаров менен жолугушууну талап кылабыз”, - деген пикирин билдирди.

Алсак, буга чейин Айтмамат Назаров жогорку маселени чечүүгө тоскоол жаратуучу эч кимдин кызыкчылыгы жок экендигин айткан. Ушул тапта Жогорку Кеңештин жыйынында жерди трансформация боюнча талкуу жүрүп жатат.

Бизге жеткен маалыматтарга караганда бул Ак үйдүн алдында болуп жаткан трансформациялык оюндарга ЖКнын эки “килтейген” орундары бар аткаминердин жеке кызыкчылыктары бар экендиги жөнүндө маалымат жетти. Бул туурасында жакында кабарлайбыз.

Эске сала кетсек ушул тапта такталбаган маалыматтарга караганда Кыргызстан боюнча 42 миң үй трансформацияга муктаж.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости