www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бизде коррупция менен күрөшуү түшүнүксүз жагдайларда уланып келет. Бийликке жакпаган кээ бир саясатчыларга илинчээк табылса дароо камалат да, айрымдары тергөө шылтоосу менен эркиндикте эле жүрө берет. Көпчүлүгү жең ичинен «жым- жым» болгондой… Мисалы, беш жыл мурун ЖКдепутаты (учурдагы «бирболчу») Исхак Пирматовго коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, мамлекеттин эсебинен 24 миллион долларды уурдоого шектелгенине не дейсиңер?

Бул суроо азыр да жоопсуз калууда. Убагында Аида Салянова башкы прокурор болуп турганда резонанстуу кылмыш катары көтөрдү эле, ал эми Индира Жолдубаева неге унчукпайт?.. Жакында ошол эле «Бир Бол» фракциясынан депутаттар Игорь Чудинов менен Акылбек Жапаровго коррупция жаатынан кылмыш иштери козголуп, бирок андан аркысы тынчып калды. Айрым маалыматтар боюнча, Москвадан таасирдүү адамдардан телефон чалуулар болгону, «Чудиновго тийбегиле»дегени чынбы?

Ошентип, кутулуп кетеби? Мунун аркасынан Акылбек Жапаров да жыргап атат окшойт. Эл болсо карап турат… Аныгында, кайсы гана мамлекетгик чиновник болбосун, убагында элдин ырыскысын уурдашса, бийлик аларды камоого эрктери жетпесе, жок дегенде мамлекеттин казынасына 10 эсе кайрытып, «кустуруш» керек эле да, туурабы?

Эгерде коррупционердин кылган кылмышы аныкталса, үй-мүлкү жана туугандарына жаздырып койгон байлыктары эсептелип, конфискацияланышы керек. Ошондо эл бийликти колдойт эле…

Булак: “Азия Ньюс”

Последние новости