www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстанда баалуу таштарды жана байыркы тыйындарды сатуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Өзбекстандын Мамлекеттик бажы комитети билдирди.
Атайын операциянын жүрүшүндө Ташкент шаарындагы үйлөрдүн биринен 500 миң долларга 2,5 кг изумруд жана 10 миң долларга антиквардык алтын тыйынды сатып жатышкан 5 адам колго түшкөн.
Алдын ала маалыматка караганда, алтын тыйын биздин заманга чейинки III кылымга таандык жана Кушан падышалыгында жасалган.
Кармалгандардын биринин капчыгынан 3 бриллиант дагы табышкан.
Кармалгандардан алынган баалуу таштардын жана алтын тыйындын жалпы баасы 16,8 миллиард сумду (1,6 млн доллар) түзөт.
Учурда тергөө уланууда.
Булак: NazarNews.kg