www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байзаковду барктай албадык

Шейшенбек Байзаков деген кесипкөй адисибиз бар эле. Бир топ жооптуу кызматтарды аркалаган. Айрыкча Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматын жетектеп турганда чечкиндүү кадамдарга барып, башаламандык өкүм сүрүп келген ЖАМКны бир топ ирээтке келтирип койгонун билебиз. «Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт» болуп, аны да ар кандай оюндар менен кызматтан кетирип тындык.

Так ушул Шейшенбек мырзадай кадрларга суусап турганыбыз анык да. Ушу тапта болсо Байзаков башкаларчылап жатып албай, дүйнөдө орду бар Эл аралык полиция ассоциациясынын Кыргызстандагы бөлүмүн түзүү үчүн чуркап жүрөт. Ассоциациянын талабына ылайык жаӊы түзүлгөн бөлүм 5 жыл сыноодон өтүшү керек болсо, Кыргызстан быйыл өтөп бүтүп, толук кандуу мүчө болгону туру. Аталган уюм түзүлгөн соӊ жетекчиси кылып ички кызматтын генерал-майору Байзаков Шейшенбек Калилбекович бир добуштан шайланган.

Учурда Кыргызстандагы бирикменин курамында 200гө жакын мүчө бар. Ал эми 2017-жылдын апрель айында Алматы шаарында өткөн: «Полиция жана коомчулук: азыркы заманбап доордогу аракеттердин механизмдери» аттуу илимий-практикалык конференцияга Кыргызстандан расмий делегация катышып келди. Кыскасы, Байзаковду барктай албай атабыз.

Булак: "Де-Факто"

Последние новости