www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каныбек мырза, сиз, азыр “Ата Мекен” фракциясынын атынан сүйлөп жатасызбы? Же, жеке, өзүңүздүн атыңыздан, мындай келжирек кепти айтып жатасызбы? Сизге, ким укук берди, кыргыз Аскер адамдары, жигиттери тажрыйба топтоону согуш талаасынан алат деген! Сиз, өзүңүз элге үлгү болуп, өзүңүз баштап, Сирияга жөнөңүз десек, сиз, кандай абалда болосуз? Энелер, биз, бир кыргыз жигитинин согуш талаасынан мерт кетишин каалабайбыз! Таш боорлуктун да чеги болот, сөзүңүздү кайра алыңыз, артка! – деген пикирин Камила Талиева билдирди.
Анткени, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары болгон Иманалиевдин айтымында, “кыргыз аскерлери мындан жакшы тажрыйба топтоп келет деген пикирин айтканын жергиликтүү ММКлар жазып чыкты.
Чын эле, Каныбек Иманалиевдин эс-акылы жайындабы же Бишкекте улам болуп жаткан шамалдан пайда болгон куюнда калып кеткенби? Жакындары “сүф-сүф” кылып суу чачып эсине келтирип койсоңуздар.
Эске сала кетсек, Россия тарап Кыргызстанга менен Казакстанга аскерлерди Сирияга жөнөтүүнү сунуштаган. Ушул тапта Орусия, Казакстан жана Кыргызстан менен Сирияга аскерлерди жөнөтүү боюнча маселени сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын кабарлады. Биздин мамлекет тарап, “Кыргызстандын аскерлерин Сирияга жөнөтүү боюнча бизге расмий түрдө Россия тараптан билдирүү келген эмес. Биз тараптан сүйлөшүүлөр болгон жок. Бул маселе мамлекеттин деңгээлинде чечилет. Эгер биздин мамлекет тарабынан аскерлерди Сирияга жөнөтүү боюнча буйрук келсе, анда биз аткарууга милдеттүүбүз”, деп билдирген fakt.kg маалымат сайтына.
Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Орусия менен Казакстан Сирияга аскерлерди жиберүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүлөт деген маалыматка комментарий берди.
"Казакстан Сирияга аскерлерди жиберүү боюнча эч ким менен сүйлөшпөйт. 4-5-июль күндөрү Астанада БУУнун жыйыны өтөт, анда Сирия маселеси да талкууланат. Бирок Казакстан эч качан өзүнүн аскерлерин кооптуу тилкеге жибербейт" - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg