www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Джо Байден мыйзам чыгаруучуларды өлкөдө чабуулчу куралдарды сатууга тыюу салууга чакырды. Бул тууралуу ал кечээ, 7-февралда Конгресстин Өкүлдөр палатасы менен Сенатынын алдында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Сөздүн текстин Ак үйдүн басма сөз кызматы жарыялады.
«Чабуул куралдарына биротоло тыюу салгыла. Биз буга чейин жасаганбыз. Келгиле, жумушту бүтүрүп, чабуул куралдарына кайрадан тыюу салалы», - деди Байден.
Белгилей кетсек, Байден 1994-жылы да курал сатууга тыюу салууну көздөп, курал сатууга 10 жылдык тыюу салууга жетишкен. Байден ошондой эле тыюу салынган 10 жыл ичинде массалык ок атуулардын саны азайганын, тыюунун мөөнөтү аяктагандан кийин массалык атуулардын саны үч эсеге көбөйгөнүн айтты.
Эске сала кетсек, өткөн айда АКШда 2 массалык атышуу болуп, анын биринде 11 адам, экинчисинде 7 адам каза болгон.
Булак: NazarNews.kg