www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Джо Байден Франция, Германия жана Британиянын лидерлери менен теле-конференция өткөрүп, анда Орусия-Украина согушундагы акыркы абал жана Орусияга киргизилген санкциялар тууралуу сүйлөштү.
Маалыматка караганда, Байдендин Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Германиянын канцлери Олаф Шольц жана Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен болгон сүйлөшүүсү 1 саат 19 мүнөткө созулган.
Орусия-Украина кагылышуусу башталгандан бери, АКШ жана бир катар Батыш өлкөлөрү Украинаны колдоп, аскердик жана гуманитардык жактан жардам берүү тууралуу өлкөлөр арасында тынымсыз сүйлөшүү өткөрүп жатат. Ошондой эле, Орусияны саясий-экономикалык жактан алсыратуу үчүн санкцияларды байма-бай жарыялоодо.
Булак: NazarNews.kg