www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лебединовкадагы №1 мектеп-гимназиянын тарых мугалими Жылдыз Садырбаева ишине кайтып келди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, 7-мартта билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин тапшырмасы менен министрдин биринчи орун басары Бактияр Орозов аталган гимназияга барып, мектептин администрациясы жана тарых мугалими менен жолугушуп, айымдарды алдыдагы эл аралык майрамы менен куттуктады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Б.Орозов министрлик мындан ары билим берүү уюмдарындагы тартипке, тазалыкка, окутуунун мазмунуна жана сапатына өзгөчө көңүл бурарын, педагогдордун иштөөсү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө умтуларын билдирди. Ошол эле убакта Б. Орозов педагогдор коомдун эң абройлуу мүчөсү болууга тийиш экенин, аларды андай деңгээлге көтөрүү үчүн министрлик өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чечкиндүү кадамдарды жасоого даяр экенин айтты.

Эске салсак, ушул жылдын 21-январында Лебединовка айылындагы №1 мектеп-гимназияда болгон окуянын чоо-жайын териштирген билим берүү уюмунун этика боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде мектептин администрациясы мугалимге сөгүш жарыялаган. Ошондон кийин ал жумуштан өз ыктыяры менен бошонуу тууралуу арыз жазган. Мектеп жетекчилиги анын арызын канааттандырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости