www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Келерки күндөрү Украинадан келген качкындардын саны жогорку чекке жетиши мүмкүн. Бул тууралуу БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди билдирди.

Маалыматка караганда, шейшемби же шаршембиде Украинадан келген качкындардын саны эки миллион кишиге жетиши мүмкүн.

Грандинин Француз радиостанциясынын эфиринде билдиргендей: "Мен бүгүн кечинде же эртең коңшу өлкөлөрдүн чек арасын кесип өткөн Украинадан келген качкындардын саны эки миллиондон ашкан көрсөткүч тууралуу маалымдашым мүмкүн"-, деди

Уюм учурда Украинада согуштук аймактарды таштап, баш калкалоого аракет кылып жаткан жарандардын агымы менен иштешип жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин Украинадан 1,5 миллион адам баш калкалоо үчүн башка өлкөлөргө чыгып кеткени айтылган. Эгер Орусия-Украина согушу токтобосо, качкындардын саны 4 миллионго жетүүсү мүмкүн экенин БУУ маалымдаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости