www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Жо Байден Финляндия менен Швецияны НАТОго кабыл алуу боюнча ратификациялык протоколдорду Сенатка тапшырганын Ак үй билдирди.

«Мен ушуну менен Финляндия Республикасынын жана Швеция Королдугунун кошулушу жөнүндөгү 1949-жылдагы Түндүк Атлантика келишиминин протоколдорун ратификациялоо жөнүндө Сенаттын консультациясына жана макулдугуна беремин», — деп айтылат Байдендин Сенатка жолдогон катында.

АКШ президенти белгилегендей, протоколдорду толук ратификациялоо өлкөлөргө альянска мүчө болууга мүмкүндүк берет.

Буга чейин Байден документтерди Өкүлдөр палатасынын тиешелүү комитеттерине тапшырганы маалымдалган.

НАТОнун лидерлери 29-июндагы саммитте Швеция менен Финляндияны альянска кошулууга расмий түрдө чакырышкан. Бул Түркия менен сүйлөшүүлөрдүн бир нече айлампасынан соң, анын ичинде эң жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдөн кийин мүмкүн болду. Акыркы сүйлөшүүдөн кийин Анкара жаңы мүчөлөрдүн кошулушуна каршы пикирин кайтарып алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости