www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ менен Европа өлкөлөрү Орусияга каршы санкциялардын киргизилиши жалпы энергетика рыногу үчүн кесепеттүү болоорун жакшы билген. Бул тууралуу АКШнын президенти Джо Байдендин айтканы Ак үйдүн сайтында жазылды.

"Орусия — дүйнөдөгү эң ири мунай өндүрүүчүлөрдүн бири. Биз дагы, Европа дагы мунай эмбаргосун жарыялоо менен баанын көтөрүлөөрүн билгенбиз. Бирок Вашингтон Орусиянын аракеттерине "көзүн жумуп" отура алмак эмес. Мен буга чейин деле ушундай пикирде болчумун, азыр дагы бул позициямдан кайтпайм", — деди Байден.

АКШ президенти Орусиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан бери АКШда бензиндин баасы орто эсеп менен эки долларга, ал эми башка өлкөлөрдө андан да жогору көтөрүлгөнүн моюнга алды.

Батыш өлкөлөрү Москвага каршы санкцияларды Донбассты бошотуу боюнча атайын операция башталгандан кийин киргизген. Жеткирүү чынжырларынын үзгүлтүккө учурашы күйүүчү майга жана азык-түлүккө болгон баалардын болуп көрбөгөндөй өсүшүнө алып келди. Бул нерсе Америка менен Европаны экономикалык каатчылыкка кептеди.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Ошондон кийин АКШ жана НАТО өлкөлөрү Орусияга карата буга чейин болуп көрбөгөндөй катаал санкциялык чектөөлөрдү киргизген. Москва Батыштын мындай аракетин "экономикалык согуш" деп атоодо.

Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости