www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин четиндеги кампалардын биринде 22-июнда ири өрт катталып, анда сакталып турган Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) дары-дармек, медициналык каражаттары дагы күйүп кетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Аламүдүн районундагы Пригородный айылынын Садовая көчөсүндөгү кампадан өрт чыккан. Отту өчүрүүгө министрликтен жети бөлүм тартылган. Кампада күнүмдүк колдонулуучу антисептик, косметика жана дары-дармектер сакталган. Өрт чыккан кампанын аянты болжол менен 1500 чарчы метр болгон. Тилсиз жоо саат 14:04тө толук өчүрүлдү. Кырсыктан жабыркагандар жана каза болгондор жок.

БУУӨП тилсиз жоодон жабыркагандар жок экенин билдиришти, бирок өрт ВИЧ жана кургак учук менен күрөшүү боюнча улуттук программалардын алкагында өлкөгө алынып келинген дары-дармектердин күйүп кеткенин ырстады.

БУУнун Өнүктүрүү программасы Кыргызстанды ВИЧке жана кургак учукка каршы күрөшүүдө колдоп келет. Уюм жыл сайын ооруну алдын алуу, дартты аныктоо, дарылоо багытында жардам берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости