www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байден Орусиянын Интерполдон чыгуусун талап кылабы?

АКШнын Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча комиссиясы Джо Байдендин администрациясын Орусияны Интерполдон чыгарууну талап кылганын CNN телеканалы мамлекеттик катчы Энтони Блинкен менен башкы прокурор Меррик Гарландга жөнөткөн катка таянып билдирди.

Белгилей кетсек, АКШнын Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча комиссиясы АКШ Конгресси тарабынан түзүлгөн агенттик болуп саналат, ага Өкүлдөр палатасынын жана Сенаттын бир катар мүчөлөрү кирет.

Телеканал келтирген катта Байдендин администрациясы Орусиянын Интерполго мүчөлүгүн токтотууну талап кылышы керектиги айтылат.

Эске салсак, бейшембиде Интерпол Орусияны уюмдан чыгаруу чакырыктарынан улам андан кайрылууларды кабыл алуу тартибин өзгөртүп, бирок байланыш каналдарын ачык калтырарын билдирген.

Орусия менен кызматташуу уланат, бирок эми өлкө уюмга мүчө өлкөлөргө түздөн-түз суроо-талап жөнөтө албайт, бирок Интерполдун эрежелеринин сакталышын текшерүү үчүн муну башкы катчылык аркылуу жасашы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости