www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Джо Байден Швеция менен Финляндияны НАТОго кабыл алуу боюнча документтерди АКШ Конгрессинин тиешелүү комитеттерине жөнөттү.

"Мен Финляндиянын НАТОго кошулушу боюнча документти тапшырып жатам", - деди Байден Конгресстин комитет төрагаларына жөнөткөн коштомо катында.

Ушундай эле кат Швециянын биримдикке кирүүсүнө да тиешелүү. Документтердин тексти жарыялана элек.

Бул документтерди даярдоо АКШнын мыйзамдары боюнча талап кылынат. Мындай документтерде АКШнын администрациясы өлкөнүн НАТОго кирүүсүнө жана анын альянска жана Американын улуттук коопсуздугуна тийгизген кесепеттери менен байланышкан маселелерге баа берет.

Финляндия менен Швецияны алсак, мындай отчеттордун биринчисин Байден Конгресске 19-майда, Стокгольм менен Хельсинки НАТОго мүчөлүккө расмий түрдө арыз бергенден бир күн өткөндөн кийин жөнөткөн. Учурдагы отчеттордо администрация жаңыланган маалыматтарды берет.

Белгилей кетсек, 28-июнда НАТОнун саммитинин алдында Түркия, Финляндия президенттери, Швециянын премьер-министри жана НАТОнун баш катчысынын катышуусунда төрт тараптуу сүйлөшүүлөр болгон.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында үч өлкөнүн тышкы иштер министрлери “Үч тараптуу меморандумга” кол коюшту. Меморандумга ылайык, Финляндия менен Швеция эл аралык терроризмге жана экстремизмге каршы күрөштө НАТОго мүчө болуу боюнча бардык талаптарды аткарат. 

Түркияда террордук уюм деп таанылган "Күрдистан жумушчу партиясы", "Сирия элдик коргонуу отряды" менен байланышты токтотот жана ФЕТО, ошондой эле аларды террорист деп атап, уюм катары каттайт.

Мындан тышкары, улуттук курал эмбаргосу жоюлат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости