www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байденге импичмент жарыяланышы мүмкүн, эгерде…

Эгерде АКШнын Демократиялык партиясы 2022-жылкы орто мөөнөттүү шайлоодо Конгрессти көзөмөлдөй албай калса, президент Джо Байденге импичмент жарыяланышы мүмкүн. Бул тууралуу «Newsweek» басылмасы жазып чыкты.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын январында республикачы сенатор Тед Круз Байденге импичмент жарыялоо үчүн «бир нече негиздер» бар экенин айтса, апрелде республикачылардын өкүлү Кен Бак Өкүлдөр палатасынын Юстиция комитети «импичменттин ылайыктуулугун аныктоо үчүн угууларды өткөрөт» деп билдирген.

Импичмент беренелери Өкүлдөр палатасында жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынышы мүмкүн, бирок президент Сенаттын үчтөн экисинин добушу менен гана кызматтан алынышы мүмкүн.

АКШнын 45-президенти Дональд Трампка эки жолу, 2020 жана 2021-жылдары импичмент жарыяланып, эки учурда тең мамлекет башчысы Сенат тарабынан акталган.

Импичмент – муниципалдык же мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдарын, мамлекет башчысына чейинки кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу, алар кийинчерээк кызматынан четтетилиши мүмкүн.

Импичмент жараянында ыйгарым укуктуу адам кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу, мыйзамсыз аракеттер, башкача айтканда, атайылап жасалган кылмыш үчүн айыпталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости