www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңешти Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов каалагандай эрмектеп, шылдыңга алчу болду. Эл өкүлдөрү чычалап, "Байсаловду президентке даттанып иштен алдыралы, намысыбызды тебелеп таштады" деген өңдүү нааразычылыктарын айтышып ыйлакташкан менен майнап чыга элек.
Мына 6-сентябрдагы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов парламентти "Пайдалуу кеңештер коому" деп аталган дебат клубу деп атаганы боюнча дагы маселе көтөрүлдү.
Депутат Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин үч фракциясы Байсаловду кызматтан алууну президентке сунуштоо чечимин кабыл алганын эске салып: "Үч фракциянын чечиминин негизинде вице-премьер-министр кызматтан кетпесе, анда Жогорку Кеңеш кетиши керек? Бизди дебат клубу деп атап, бүтүндөй элдин кадыр-баркын тепседи. Унчукпай калдык. Министр ушинтип жатса, эртең акимдер ушундай кылат», - деп нааразы болуп, каңырык түтөттү.
Ал эми спикер Нурланбек Шакиев: "Маселе президент жана министрлер кабинети менен талкууланган. Сабыр кылыңыз", - деп, Байсаловдун отставкасы боюнча маселе парламенттин күн тартибинен алынбаганын айтты.
Булак: NazarNews.kg