www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 22-декабрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Жаштар саясаты тармагында 2021-2022-жылдарга карата отчеттук иш-чарасы болууда.
Жыйындын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов сөз сүйлөдү.
"Ааламдашуу алкагында модернизация, технологиялар, санариптешүү жашообузга сүңгүп кирип, дүйнө жүзүндө илимий-техникалык прогрессти өркүндөтүүгө бир катар аракеттер жүрүүдө. Ааламдашууда эбегейсиз жетишкендик болуп, глобалдык маалымат тармагынын, интернеттин өнүгүшү болуп саналат. Жаштар негиги колдонуучу катары ар кандай техникалык жаңылыктарды эң жакшы кабыл алышат жана оңой өздөштүрүшөт.
Биздин жаштардын потенциалын жогорулатуу үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө. Жаштардын биринчи кезектеги муктаждыктарын канааттандырууга багытталган жөнөкөй жана түшүнүктүү колдоо механизмин иштеп чыгуубуз абзел", - деди Байсалов.
Байсалов ошондой эле, мамлекеттин келечеги азыркы жаштардын колунда экенин кошумчалай кетти.
Андан тышкары Жогорку Кеңештин айрым жомокчулары, активисттер, Ак үйдүн ишенимдүү алптары жана көрүнүктүү жаш саясатчылардан сагыз чайнап Мавлянбек Аскаров дагы кеченин кадырлуу коногу болду.
Булак: NazarNews.kg