www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бакай Кашкарбаев үй камагына чыгарылды

Активист Бакай Кашкарбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Мындай чечимди борбор калаанын Свердлов райондук соту чыгарганы такталды.

Белгилей кетсек, милициянын тергөөчүлөрү Бакай Кашкарбаевге козголгон кылмыш ишинин чоо-жайын ачыктабайт.

Эскерте кетсек, буга чейин активистке карата КР Кылмыш-жаза кодексинин “Бийлик өкүлүнө коркутуу же зомбулук көрсөтүү” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши козголгон. 2020-жылдын 15-ноябрында Чолпон-Ата шаарында Бакай Кашкарбаев бир нече белгисиз адамдар менен биргеликте Ысык-Көл облусунун прокурорун коркутушкан. Ал белгилегендей, көзөмөл органынын кызматкерлери башын кесип, көзүн оюп, тиштерин кагып салыш керек. Кийинчерээк кылмыш иши Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Октябрь айында Бакай Кашкарбаев Бишкек ШИИББинин кызматкерлери тарабынан кармалган. Соттук лингвистикалык экспертиза анын көрсөтмөлөрүндө зомбулук көрсөтүү чакырыктары бар экенин көрсөткөн. Бирок кандай билдирүүлөр тууралуу сөз болуп жатканы белгисиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости