www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түндүк Македонияда 31-октябрдагы шайлоонун экинчи айлампасын оппозиция жеңип чыккандан кийин премьер-министр Зоран Заев кызматтан кетээрин жарыялады.
"Мен бул окуялар үчүн жоопкерчиликти алам, премьер-министрликтен жана партиянын төрагалыгынан кетем. Мен эркиндик менен демократияны алып келдим, демократия деген жоопкерчиликти алуу дегенди билдирет", - деди Заев.
31-октябрда Скопье шаарынын мэрин шайлоо болду. Скопьеде учурдагы мэр, "Македониянын социал-демократиялык биримдиги" (СДСМ) партиясынын талапкери Петре Шилегов оппозициядагы ВМРО-ДПМНЕ ("Македониянын ички революциялык уюму – Македония элинин биримдиги үчүн демократиялык партиясы") колдогон көз карандысыз талапкер Данела Арсовскага утулуп калды. Шайлоонун жыйынтыгына ылайык, Арсовска 55,85% добуш менен жеңишке жетти. Бюллетендердин 60% саналгандан кийин Заевдин партиясынан талапкер Петр Шилеговду шайлоочулардын 40,60% колдогону белгилүү болду.
Бул ирет шайлоочуларды бармак издеринен текшерген жаңы система жана терминалдар колдонулду.
Түндүк Македонияда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн, мэрлерди, жетекчилерди шайлоонун биринчи айлампасы 17-октябрда өткөн. Премьер-министр Зоран Заев үчүн алгачкы сыноо катары каралып жаткан өнөктүктө 11 миң талапкер ат салышкан. Мамлекеттик шайлоо комиссиясы түштөн кийин жарыялаган сандарга караганда, 1,8 миллион добуш берүүчүнүн 32% жакыны шайлоого катышты.
Өкмөткө кирген төрт партия либерал-демократиялык принциптерди, Евробиримдикке, НАТОго кошулууну колдошот. Коалициянын негизги атаандашы – улутчул партиялардын талапкерлери. Андан тышкары бир нече көз каранды эмес талапкер ат салышты.
Заев өкмөттү 2020-жылдын августунан бери жетектеп келген.
Булак: NazarNews.kg