www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз ССРинин мурдагы жеңил өнөр жай министри Калдыбай Сатаровдун өлүмү боюнча көптөгөн түшүнүксүз жагдайлар бар, деп билдирди анын уулу Туратбек Сатаров бүгүн, 1-ноябрда, АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйында.

  • Калдыбай Сатаров 2021-жылдын 25-апрелинде Бишкекте каза болгон.

«Анын өлүмү мен үчүн табышмак бойдон калууда. Аны туугандар карап, ар кандай жолдор менен мени жанына жолотпой коюшту», - дейт Т.Сатаров.

Анын айтымында, ал атасын алып кетүүгө аракет кылган, бирок жакындары аны бербей коюшкан. Туратбек Сатаров атасын туугандары «белгисиз тарапка» алып кетип, Сатаров ошол жерден каза болгонун айтты.

«2018-жылы ооруканага жатып чыккан, мен өзүм жанында болуп карагам. Андан кийин да ден соолугу жакшы болчу. Бирок эмнегедир мага жолугууга уруксат беришпей, аны менден жашырып башташты. Атам кайда экенин сурасам, ден соолугу жакшы экенин айтышкан. Анын көз жумганын эртеси күнү гана уктум», - деп эскерет Туратбек Сатаров.

«Атамды акыркы сапарга узаткан күнү туулган айылына алып барышты. Сөөктү жууганы киргенде мойну, ичи шишип, өңү саргарып, кулагы, желкеси көгөрүп калган экен», - деди ал.

Т.Сатаров буга байланыштуу Аламүдүн РИИБине адам өлтүрүү факты боюнча арыз жазганын билдирди. Бирок эки айга жакын убактан бери иш жылбай жаткандыктан ал ИИМдин жетекчисинен жана Башкы прокуратурадан объективдүү иликтөө жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости