www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы жаш активистердин жана ишкерлердин катарын толуктап келе жаткан Бакай Өмүралиев социалдык тармакта талкууга алынган «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын Түркиянын атайын чалгындоо кызматы уурдап кетиши боюнча NazarNews маалымат агенттигине өзүнүн пикирин билдирди.

— Бакай мырза, коомчулукта кызуу талкууга алынган Орхан Инандынын Түркия тарабынан уурдалып кеткендиги коомчулукка жарыяланды. Активист катары сиздин пикир кандай?

— Орхан Инанды тууралуу социалдык тармакта кызуу талкууга алынып жатат. Мүмкүн бул көрүнүш кимдир бирөөлөр үчүн туура, бирок, төш белгинин эки тарабы бар дегендей экинчи тарабын да карашыбыз керек. Кандайча? – Баарыбыз, болуп өткөн окуяны бир беткей талкууга алып, Инандыга күйүп жана берүүнүн кажети жок. Анткени биз, мүмкүн Инанды тууралуу көп жашыруун маалыматтарды билбейбиз. Тилекке каршы, жамандык издегендерге табылбай эле калды. Айрым эл бузарлар кубанычы койнуна батпай, президент Жапаровго импичмент жарыялоону сунуштап да жиберишти. Мен активист катары бул сөз менен эмнени айткым келип турат. Кыргыздар эң башкысы Орхан Инандысы жок эле, өзүбүз бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып ынтымакка келишибиз керек! Мамлекеттин тагдыры же саясат Инанды менен бүтүп калбайт.

— Бүгүн Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргызстандагы элчисине нота тапшырды, деп жатышат, уктуңузбу?

— Акыркы сааттарда КР Президенти Садыр Жапаров Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге тапшырма бергендигин билдирди. Бул мамлекеттин ички жана тышкы саясаты. Жогорку маселени мамлекеттик аткаминерлер, мамлекеттик деңгээлде өздөрү чечиши зарыл. Кыргыз эли бир адам менен чектелип калбастан бир пикирге келбесек болбойт. Инандыны кайра Кыргызстанга кайтарып келсе дагы эч нерсе чечилбейт. Азыр биз, Инандынын эмес, Кыргызстандын келечегин ойлошубуз керек!

— Сиздин көз карашыңыз боюнча азыркы саясат кандай жүрүп жатат?

— Бүгүнкү күндүн маалыматы Инандыны актоо, Садыр Жапаровду каралоо менен аяктады. Бул бийлик деле мамлекетти оңдоого болгон күчүн жумшап жатат. Аз убакыттын аралыгында мамлекетти гүлдөтүп, өстүрүп-өркүндөтүп жиберүү өтө кыйын. Кыргызстан 30 жылдан бери талкаланып бүткөн. Президент Садыр Жапаровго убакыт беришибиз керек. Мына, “Кумтөр” боюнча чоң өзгөрүүгө багыт алды, эми жыйынтыгын күтүп туралы. Кошуна мамлекеттер менен эл аралык мамилени жакшыртып, ишкерлерге шарттарды түзүп баштады. Жакында эле Нарын облусуна Өзбекстандан ишкерлер келип кетишти. Мен ага өзүм күбөмүн. Менимче өлкөдө акырындык менен иш жүрүүдө. Ошондуктан ар бир кыргыз эли ниетибизди оңдоп, мамлекеттин кызыкчылыгын колдоп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошсок деген ойдомун. Ошондо гана чоң ийгиликтерге жетебиз. Дагы кайталап айтам, Инандыны Кыргызстанга кайра кайтарып келсек деле эч нерсе чечилбейт. Саясаттын курмандыгы Инанды менен башталган жок, буга чейин кыргыздар Исхак Раззаковдой, Насирдин Исановдой уулдарын саясаттын курмандыгы менен жоготуп келген.

Эскерте кетсек, Орхон Инанды 31-майда дайынсыз жоголгон. Ал 1995-жылдан бери Кыргызстанда иштейт. 2012-жылы кыргыз жарандыгын алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости