www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын тургундары сууну үнөмдүү колдонушпайт, бакчаларын таза ичүүчү суу менен сугарып, унаа жуучу жайларда ичүүчү сууну пайдаланышат. Бул тууралуу вице-мэр Жамалбек Ырсалиев «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
«Жамгыр жаабаса, анда мэр экөөбүз көчөгө чыгып ыйласак дагы суу болбойт», - деди ал.
«Суу — бул жаратылыштын берген белеги. «Бишкек суу канал» ишканасында 300, «Бишкек жашылдандырууда» 17 скважина бар. 17 метр тереңдикке түшүрдүк, кургакчылык болгондуктан суу төмөн болуп жатат», - дейт вице-мэр.
Ошондой эле өз сөзүндө Ырсалиев сууну үнөмдүү пайдаланууга үндөдү.
Булак: NazarNews.kg