www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бахила бизнеси

Биз баарыбыз эле самолет менен учканда текшерүүдөн өтүп жатканда бутубузга кийүү үчүн бахила бекер берилет. Бирок Бишкектин медициналык мекемелерине, Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнө кирип калсаныз, ал жерде эшик тосуп турган аял “Бахила сатып алыңыз” деп тоту куштай сайрап турат. Анысы 5 сом.

Бахила сатып алууга мажбурлоо менен медициналык мекемелер 100 минге чукул каражат табарын көпчүлүк этибарга албаса керек.

А бирок, ооруканаларга баш баккандардан акча өндүрүүгө министр тыюу салган. Баарынан да эгер ушул жерде 5 сомдук бахила түгөнүп калса, жакын арадагы аптекалардан сатып алууга туура келет. Ал жакта 10 сом. Мындай көрүнүш борбор калаадагы баардык эле ооруканаларда орун алган.

Демек, байкалбаган менен ай сайын ал медициналык мекемелердин капчыгына 100-150 миң сом түшүп турат экен. Бирок оорукананын оозундагы коммерция Конституцияга каршы келет. Башкы мыйзамдын 47- беренесинде мындай айтылат: “Мамлекет ар бир адамды медициналык жактан тейлөө үчүн шарт түзөт жана саламаттыкты сактоонун мамлекеттик, муниципалдык жана жеке секторлорун өнүктүрүү боюнча чараларды көрөт”.

Ансыз деле ооруган адамдын чөнтөгүн каңтарган медиктердин бул жоругуна кандай диагноз койсо болот?

Булак: “Майдан”

Последние новости