www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык сенатор Жон Маккейн Орусиянын президенти Владимир Путиндин террордук уюм ДЕАШтан дагы чоң коркунуч экенин айтты.

Австралияга барган Маккейн ABCнин «7.30 отчету» аттуу маалымат программасына атайын маек куруп берди жана күн тартипке сереп салды.

Маккейн маегинде Путин үчүн «ДЕАШтан да биринчи турган, негизги жана маанилүү коркунуч» деп айтты.

Орусиянын демократиясынын негизин бузуп, АКШда 8-ноябрда өткөрүлгөн президенттик шайлоонун жыйынтыктарын өзгөртүүгө аракет кылганын жактаган Маккейн: «Ийгиликтүү болгондоруна байланыштуу эч далил көргөн жокмун бирок аракет кылышты жана дагы деле аракет кылып жатышат»,-деди.

Сенатор Маккейн Орусиянын Франциядагы президенттик шайлоонун да жыйынтыктарын өзгөртүүгө аракет кылганын айтып, эгемендүү өлкө болгон Украинаны бөлүп-жарган, Балтика аймагында кысым жараткандын да Орусия экенин билдирди.

АКШнын Орусияга санкциялар менен жооп кайтарышы керектигин белгилеген Маккейн, АКШнын президенти Дональд Трамптын да улуттук коопсуздук темасындагы ишке ашырууларынын айрым учурларда тынчын алганын атты.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости