www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

19-май күнү жалпы республикалык тестирлөө учурунда Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылындагы мектептердин бирине жасалма паспорт менен кирип тест тапшырып жаткан жеринен 20 жаштагы бала кармалган.

 Ал 21 жаштагы Жалал-Абад облусунда туулган баланын паспорту менен тест тапшыруу үчүн мектепке кирген. Иликтөөнүн жүрүшүндө пара берүү жолу менен иш жүргөнү, пара колдон-колго өткөнү, берилген паранын суммасы 400 доллар экени белгилүү болгон. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү жарандарга чара көрүлөөрү маалым болду.

Булак:”Фабула”

Последние новости