www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңеште "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатат.

Анда Депутат Кожобек Рыспаев Чүй облусуна караштуу Суусамыр айылындагы “Париж” деген жердин маселесин көтөрүп чыкты. Депутаттын айтымында, ал жер өзүнчө бир айыл болуп калган жана тургундар айыл статсун ала албай жатышат.

“Айыл статус алалы, жок дегенде бир аймакка кирели деп... Бирок биздики мындай болуп жатпайбы, жолдун үстү Панфилов районуна карап, экинчи жагы Жайыл районуна карап калып жатат. Ошону кантип чечебиз”,-деди депутат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Бахтияр Салиев бул маселени карап чыкканын, чын эле жолдун бир жагы башка районго, бир жагы башка районго карап калганын жана айыл өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн айтты.

Ошондой эле, анын айтымында тургундарда каттоо көйгөйлөрү да бар экенин жана бул месалени кийинчерээк караларын кошумчалады.

“Айыл өкмөт келгенде баягы...Биз АТРдики менен карасак деп ойлодук эле. Орусча айтканда баня с одной  стороны, раздевалка с другой стороный болуп жатат. Ошон үчүн бир кылып туруп мыйзамга алып келсек деп атабыз”,-дейт Бахтияр Салиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости