www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва жана Санкт-Петербург шаарында 8-мартта Бишкекте болгон “Аялдардын тилектештик маршы” деп аталган ЛГБТлардын акциясын колдоо иретинде пикет болуп өттү. Бул тууралуу социалдык тармактарда сүрөттөржана маалыматтар тарады. “Ребра Евы” Санкт-Петербург шаарынын социалдык долбоору экендиги жана гендердик теңсиздикке каршы күрөшөрү айтылып келинет.

Айрым маалыматтарга караганда, 9-мартта Москвадагы кыргыз элчилигинин имаратынын алдында Россия социалдык кыймылынын феминисттери чогулушуп, марштын катышуучуларынын кармалышына нааразычылык билдиришкен.

В Москве и Питере провели пикет в поддержку участниц марша 8 марта в Бишкеке

Эске сала кетсек, 8-мартта феминисттик кыймылдын өкүлдөрү Бишкек шаарындагы "Жеңиш" аянтына аялдардын укугун коргоо максатында жөө жүрүш өткөрүү үчүн чогулушкан. Аларга 50га чукул адам тоскоол болуп, акцияны таратканга аракеттенген. Мындан кийин эки тарап тирешип, милиция акциянын катышуучуларын эрежеге туура келбеген жерде жүрүш уюштурушканы үчүн кармап кеткен.

Ал эми кечээ, 10-мартта  8-мартта кармалгандарды колдоп ЛГБТнын өкүлдөрү Бишкек шаарындагы Уркуя Салиеванын эстелигинин жанына зомбулукка каршы  акциясынын катышуучулары чогулуп, тынчтык митингин өткөрүшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости