www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында Кыргызстандын соту Максим Бакиевди өмүр бою эркинен ажыратты. Бирок Лондондо жашап жатканда ага биздин соттор «жер бетинде жашабасын», «тезинен өлтүрүүгө жатат» ж.б. мындан да коркунучтуу чечимдерди чыгарса да Максим үчүн баары бир эмеспи.

Эске салсак, экс-генпрокурор Аида Салянова да президенттин колтугунда жүргөндө «Бакиевдерди Кыргызстанга алып келүүгө зор аракеттер көрүлүп жатат», деп элди ишендирип келген.

Бирок ага карабастан Курманбек Бакиевдин бир тууганы Ахмат Бакиев абакта жаткан жеринен белгисиз жагдайда Кыргызстандан чыгып кеткен. Анан эле качырарын качырышып, жашырарын жашырышып алып, соттордун колу менен катаал жазаларды чыгарып, элге кайра-кайра өкүртүп өкүм угуза бергендин зарылдыгы эмне? Жок дегенде мындан Бакиевдердин кылы кыйшайса же кабагы бүркөлсө бир жөн эле.

Башкасын билбейбиз, бирок Максим Бакиев өзүнө чыккан өкүмдү  угуп мыйыгынан жылмаяры турулуу көрүнүш. Ал биздин өкүмдөрдү тоготмок түгүл, кыргыз бийлигин Улуу Британияда сотко берип, ал жактан утуп албады беле.

Болгондо дагы олчойгон суммага. Аны биздикилер кантип төлөп берет? Андан көрө жалпы сепаратисттерди  кимдер качырган, ким көмөк көрсөткөн, чечимди кабыл алгандарды  кылмыш жоопкерчилигине тартып, сотко жеткирсек адилеттүү болмок. Анын ичинде Батукаев боюнча да.

Булак: “Жаңы ОРДО”

Последние новости